Дүйнөлүк басма сөз 18.04.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Ирактын премьер-министри Рияддагы «Террор жок кылган шаарлар» аттуу жарманкенин ачылышын жасаганын билдирген.
«Аль-Рая Аль-Катария» гезити: Сауд Арабия өлкөдө жашаган палестиналыктарга кысым көрсөтүп жатканын жазган.
Германиядагы ARD каналынын сайты: «Европада басма сөз эркиндиги начарлап баратат» деген теманы койгон.
ARD башка кабарында: Германиялык туристтердин автобус кырсыгында каза болгондорун билдирген.
Перудагы «El Comercio» гезити: Алан Гарсиянын каза болушуна байланыштуу Перуда 3 күндүк аза күтүү жарыяланганын маалымдаган.
Испаниядагы «El Mundo» гезити: Түркияда Жогорку шайлоо кеңеши оппозициячыл талапкердин Стамбулдун мэри болгонун билдиргенин жазган.
Риа Новости агенттиги: Орусиянын премьер-министри Медведев, Орусияда 19 миллионго жакын жакыр адамдын бар экенин айтканын кабарлаган.
Тасс агенттиги: Путин бельгиялык иштер, OTEKO ишканасынын ээси Мишель Литвакка орус жарандыгын бергенин билдирген.
Швейцариядагы «Le Temps» гезити: Ким Чен Ындын жаңы тактикалык курал сыноосуна байкоо салганын жазган.
«Ouest-France» гезити: «Өкмөт Нотр-Дамды кайрадан куруу үчүн айкелчи даярдайт» деген теманы койгон.
КТРКнын сайты: Салык кызматынын сайты аркылуу электрондук патент сатып алгандар көбөйгөнүн жазган.