Дүйнөлүк басма сөз 16.04.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.
«Альшарк Алавсат» гезити: Судан, Йемендеги Коалиция күчтөрүнө колдоосун уланта турганын билдиргенин жазган.
«Аль-Рая Аль-Катария» гезити: Сауд Арабия ДЕАШ менен Аль-Каиданын ортосундагы чыңалууну козгоп, Йемендеги кырдаалды курчутуп жатат» деген теманы койгон.
ARD каналынын сайты: Германияда мигранттардын корккону өлкөдөн чыгарылышы экенин жазган.
DWдин сайты: «Дойче менен Коммерцбанктын биригүүсү-алдын ала чечим жакындап калды» деген теманы койгон.
Spiegel Online: Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндө чыккан өрттүн көзөмөлгө алынганын билдирген.
Тасс агенттиги: Түркиянын каржы жана казына министри Берат Албайрак Трамп менен Орусиядан сатып алына турчу С-400дөрдү сүйлөшкөнүн маалымдаган.
Lenta.ru сайты: Орусия, 60чы жылдарда маанилүү Сирия документтерин жайып жиберген жана өлүм жазасына тартылган израилдик МОССАД агенти Эли Коэндин сөөгүн Сириядан чыкарганын билдирген.
Риа Новости агенттиги: Орусия, акы төлөнүүчү жол түйүндөрүн түзүүнү пландап жатканын, акы төлөнүүчү жол түйүндөрү Орусияда жол маселелерин чечүүгө жардам берээрин жазган.
Испаниядагы «El País» гезити: Европа маданиятынын символу болгон Нотр-Дам чиркөөсүндө өрт чыкканын маалымдаган.
France 24: Эммануэль Макрон, Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрттөн улам элге кайрылуу сөзүн жылдырганын жазган.
«Le Figaro» гезити: Дүйнөдө кызамык менен ооругандардын саны 300 пайыз өскөнүн билдирген.
КТРКнын сайсы: Сооронбай Жээнбеков Мюнхен шаарында мекендештер менен жолукканын жазган.