Дүйнөлүк басма сөз 11.04.2019
Дүйнөлүк басма сөздөн каскача маалыматтар.
«Альшарк Алавсат» гезити: «Суданда аскердик төңкөрүш кабарлары... Судандын куралдуу күчтөрү өз билдирүүсүн жарыялайт» деп жазган.
«Аль-Рая Аль-Катария» гезити: Катардын вице-премьери Аль Тани Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу менен сүйлөшкөнүн билдирген.
Франциядагы «Le Figaro» гезити: «Ливия: БУУ Триполидеги катуу кагылышуулардан кийин ок атышпоону талап кылганын жазган.
«Le Parisien»: «Ирак 1,8 миллиард евро берилген учурда чет элдик террористтерди соттоону сунуштады» деген теманы койгон.
«Le temps» гезити: Англия менен Европа Биримдиги Брекситтин 31-октябрга чейин кечеңдетилиши темасында макулдашкандарын билдирген.
Prensa Latina (Куба) агенттиги: Куба жаңы баш мыйзамын жарыялаганын маалымдаган.
«La República» (Колумбия) гезити: АКШнын президенти Трамп Колумбияны кылмышкерлерди өлкөсүнө атайылап жиберип жатат деп күнөөлөгөнүн жазган.
«Зюддойче Цайтунг» гезити: 16-кылымдан калган тарыхый эстелик Стамбул аэропортуна архитектуралык илхам булагы боло алаарын билдирген.
DW: «Көптөгөн мигрант жумушка орношууда тил маселесине туш болууда» деген теманы койгон.
Тасс агенттиги: Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Толстой, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын Орусияны кайра чакыруу чечиминин орусиялык делегациянын укуктарынын корголушуна карата кепилдик бербей турганын айтканын жазган.
Риа Новости агенттиги: Орусияда Удав тапанчасынын сериясын өндүрүүгө уруксат берилгенин билдирген.