Дүйнөлүк басма сөз 5.04.2019

Дүйнөлүк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1177557
Дүйнөлүк басма сөз 5.04.2019

 

Le Monde: Алжир... Бутефликанын ишеничтүү адамы Абделькадер Бенсала убактылуу президенттик кызматты өткөрүп алат.

France 24: Крайстчерч кол салуусу ... Кол салгычтын психиатриялык экспертизадан өтүүсүнө өкүм чыгарылды.

Тасс агенттиги: Украинадагы президенттик шайлоодо экинчи айлампага калган Зелинский алгачкы 100 күн үчүн иш программасын даярдап жатат.

Gazetem.Ru сайты: Орусия Венесуэлага берген насыяларды кайра араңдан зорго алат.

haberrus.com сайсы: Орусиялык сенатор Пушков: «АКШнын С-400дөр үчүн Түркияны коркутуп-үркүтүүлөрү бекерине»

El País: АКШнын президенти Трамп, бозгундардын толкунуна каршы Мексика чек арасын жаап салам деп коркутканын азайтты.

El Mundo: Европа Парламенти биринчи жолу Гибралтардын "колония" деп аталышын бекитти.

Spiegel Online: Германияда Федералдык мажилиси парламентке курал менен кирүүгө тыюу салды.

ZDF: Стамбул аэропорту ушул жуманын аягында көчүрүлөт. Дагы чоң болгон жаңы аэропортто учактар ылдам жана алыска учат.

Al Raya: Астана сүйлөшүүлөрү 25-26-апрелде өткөрүлөт.

КТРКнын сайты: Казак-өзбек чек арасында жүк ташыган автоунаалар өтө албай турушат.



Тектеш кабарлар