Дүйнөлүк басма сөз 4.04.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.
![Дүйнөлүк басма сөз 4.04.2019](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5809/64d6/1d1c/5b484746e6bf1.jpg?time=1718877127)
«Альшарк Алавсат» гезити: Алжирдин президенти Бутефлика кызматын өткөрүп берип жатып: «Өлкөнүн келечегинен коркуп жатам» дегенин жазган.
«Alquds Alarabi»: АКШнын вице-президенти Майк Пенс, Түркияны Ф-35 согуштук учактары темасында эскерткенин, Анкаранын болсо буга жооп кайтарганын маалымдаган.
«Alquds Alarabi»: Жаңы Зеландия: Эки мечитке кол салган киши 50 киши өлтүргөнү менен жоопко тартылууда» деп билдирген.
Stern: «Түрк коргонуу өнөр жайы электромагниттик курал иштеп чыкты» деген теманы койгон.
Zeit Online: Түркия Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларын сатып алуу темасында чечкиндүү экенин билдирген.
DW: «Банктардын биригүүсү... Commerzbank Италияныкы болобу?» деген теманы койгон.
Le Monde: Тереза Мэй менен Жереми Корбин: Брекситти куткаруу үчүн аракет кылып жатканын маалымдаган.
Le Parisien: 2024-жылы өтүүчү Олимпиада оюндары 150 000 кишини жумуш менен камсыздай турганын билдирген.
El País: Туура эмес тамактануу чылым чеккенден дагы өлтүрүүчү болоорун жазган.
«El Mundo»: НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг: «НАТО Орусия менен жаңы суук согушту каалабайт» дегенин билдирген.
Lenta.ru сайты: «НАТОнун Кара деңиздеги планы Кремлди кыжырдантты» деген теманы койгон.
Тасс агенттиги: Москва аймагындагы микро автобус кырсыгында алты кишинин каза болгонун жазган.
РИА Новости: АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) 2022-жылдан тарта Орусияда чыгарылган RD-180 моторлорун сатып албай турганын билдиргенин жазган.
КТРКнын сайты: Кыргыз-казак чек арасындагы абал дагы деле өзгөрүүсүз калганын маалымдаган.