Дүйнөлүк басма сөз 3.04.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү кыскача маалыматтар.
![Дүйнөлүк басма сөз 3.04.2019](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fee7/63c7/8788/5c9de5df81d53.jpg?time=1718838998)
Германиядагы ARD каналынын сайты: «Коопсуздук кеңешинин төрагалыгы –Германиянын тышкы иштер министри Маас дагы аз ядролук курал каалайт»,- деп жазган.
DW: «Кылмыш кылуу-Германия дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөрдүн бири» деген теманы койгон.
Spiegel Online: Трамп Германияны «таяк жеген бала» дегенин жазган.
Тасс агенттиги: НАТО, Украина кемелеринин Керчь кысыгынан өтүүсүн гарантияга алууну каалаганын айтканын билдирген.
«Известия» гезити: Европадагы аскердик базаларга март айында жайгаштырылган Американын В-52 бомбардир учактары, Орусияга ойдон чыгарылган өзөктүк чабуул койгонун жазган.
Риа Новости: Бир катар эскертүүлөрдөн кийин АКШ Ф-35 программасында Түркия менен кызматташуусун токтотконун маалымдаган.
Боливиядагы «La Razón» гезити: Боливиянын президенти Эво Моралес 9-апрелде президент Эрдоган менен Түркияда жолуга турганын билдирген.
«El Universal» гезити: Венесуэланын парламенти, Хуан Гуайдонун кол тийбестигин алып салганын жазган.
«El País» (Испания) гезити: Бразилиянын президенти Жаир Болсонару, Израиль менен жаңы экономикалык кызматташтык мезгилин баштап жатканын маалымдаган.
«Le Figaro» гезити: Алжир 20 жылдан кийин Бутефликасыз ойгонгонун жазган.
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: «Вашингтон С-400дөн баш тарттыруу үчүн Анкарага кысым көрсөтүүдө» деген теманы койгон.
Ал эми КТРКнын сайты: Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Режеп Тайип Эрдоганды куттуктаганын билдирген.