Дүйнөлүк басма сөз 1.04.2019

Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтар.

1174614
Дүйнөлүк басма сөз 1.04.2019

 

Катарда басылып чыккан «Аль-Рая Аль-Катария» гезити: Кувейттин эмири, келишпестиктерди жоюп, арабдардын бирдей мамиле кылышын талап кылганын билдирген.

Ливандагы «Эль Хаят» гезити: Түркия менен Иранга болгон сындоолор боюнча Катардын эмири Араб лигасынан чыгып кеткенин жазган.

Франциядагы «Le Monde» гезити: Францияда кабинет алмашып, президент Эмануэль Макрон өзүнө жакын адамдарды өкмөткө жайгаштырганын маалымдаган.

«Le Figaro» гезити: Түркияда президент Эрдоган: «Бийликтеги партия кемчиликтерин толуктайт» дегенин жазган.

Германиядагы Spiegel Online: «Көбөйгөн чыгымдар- Германияда электр энергиянын баасы рекорддук деңгээлге жетти» деген теманы койгон.

Испаниядагы «La Vanguardia» гезити: Президент Эрдогандын партиясы шайлоодо биринчи болгонуна карабастан баш калаа Анкараны ала албаганын билдирген.

Аргентинада басылып чыккан «Clarin» гезити: Папа Мароккодо христиандарды мусулман дүйнөсү менен диалог кылууга чакырганын жазган.

Тасс агенттиги: Украинада добуштардын жарымы саналгандан кийин Зеленский чоң айырма менен алдыда баратканын маалымдаган.

РИА Новости: 1-апрелден тарта Орусияда карылардын пенсиясы көбөйө турганын билдирген.

КТРКнын сайты: Бишкекте Россиянын окуу жайларынын көргөзмөсү өтөөрүн жазган.



Тектеш кабарлар