Дүйнөлүк басма сөз 20.02.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтардын башкы темалары.
![Дүйнөлүк басма сөз 20.02.2019](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f33e/8786/7afe/5c6a79b25bc2c.jpg?time=1718890606)
Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: БУУнун Коопсуздук кеңеши, Иракта дайынсыз жоголгон кувейттиктердин тагдырларынын такталуусу керектигин билдиргенин жазган.
«Аль-Рияд» гезити: «АКШнын президенти Трамп Космостук күчтөр командирлигин түзүүдө» деген теманы койгон.
Германиядагы DW: DWдин Сөз эркиндиги сыйлыгы мексикалык журналистке берилгенин билдирген.
«Bild» гезити: Атактуу дизайнер Карл Лагерфельддин Парижде 85 жайында көз жумганын маалымдаган.
Швейцарияда басылып чыккан «Le Temps» гезити: Эмануэль Макрондун мурунку кеңешчиси Александр Беналланын абакка тартылганын жазган.
Венесуэладагы «Telesur» гезити: Венесуэланын президенти Мадуро медик студенттердин бүтүрүү кечесиндеги сөз сүйлөөсүндө: «Венесуэла быйыл 1 миң 469 чет өлкөлүк дарыгерди жетилтти. Мына ушул чыныгы гуманитардык жардам болуп саналат»,- дегенин жазган.
Орусиядагы РИА Новости агенттиги: «Путин федералдык парламентте сөз сүйлөйт. Жылдык салтка айланган сөз сүйлөөсүндө Путин өлкөсүнүн абалына, ички жана тышкы саясаттарына токтолот» деген теманы койгон.
«Известия» гезити: Орусиянын АКШдагы мурунку элчиси: «АКШ Орусия менен дипломатиялык карым-катнаштарынын деңгээлин түшүргүсү келип жатат» дегенин жазган.
ТАСС маалымат агенттиги: АКШ менен Түркия Сириянын түндүк-чыгышында бейтарап аймак тууралуу сүйлөшүүлөрүн улантып жатканын билдирген.
Ал эми КТРКнын сайты: «Маданиятка салым кошкон инсандар "ТҮРКСОЙ" уюму тарабынан сыйланды» деген теманы койгон.