Дүйнөлүк басма сөз 19.02.2019

Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтардын башкы темалары.

1148098
Дүйнөлүк басма сөз 19.02.2019

 

Сауд-британ «Альшарк Алавсат» гезити: Палестина, Израиль менен түзүлгөн келишимдерден чыгам деп коркутканын билдирген.

Катардык «Аль-Рая Аль-Катария» гезити: Сауд Арабия Хашогги кылмышын иликтеш үчүн Израилдин тыңчылык системасын колдонгонун маалымдаган.

Германиядагы ARD каналынын сайты: «Балдарга байланыштуу изилдөө-жакырчылыктан, кысым жана зордук-зомбулуктан коркушат»,- деп жазган.

«Epoch Times» журналы: Австрияда башпаанек сураган ирактык жарандын Түркияда эстетикалык операция болгонун билдирген.

Испанияда басылып чыккан «El País» гезити: «Гуайдо медициналык жана азык-түлүк жардамдарынын 23-февралда өлкөгө кирүүсү үчүн бир план түзүүдө» деген теманы койгон.

«El Mundo» гезити: АКШда 16 штат, Мексика чек арасына тургузула турган дубалды каржылоо үчүн президент Трамп жарыялаган улуттук чукул абалдын алып салынышы максатында сотко кайрылгандарын билдирген.

Rtve.es: Испанияда үйдүн баалары 2018-жылы 8,22 пайыз өсүп акыркы 10 жылдын эң жогорку чегине жеткенин маалымдаган.

Франциядагы «Le Parisien» гезити: «Биз жаныбар эмеспиз: Сирияда камакта жаткан эки француз аял өлкөсүнө кайтууну үмүт кылууда» деген теманы койгон.

Швейцарияда басылып чыккан «Le Temps» гезити: «Израиль палестиналыктар үчүн көздөлгөн 138 миллион долларлык каражатка блок койгонун билдирген.

Орусиядагы Риа Новости маалымат агенттиги: Австриянын Газ консорциумунун жетекчиси Руттеншторфер, «Түндүк агым-2» долбоору Украинанын газ өткөрүп берүүсүндөгү монополиясын токтотушу мүмкүн экенин айтканын жазган.

Лента кабар сайты: Коомдук сурамжылоого караганда Курил аралдарынын Японияга берилишин каалаган орусиялыктардын саны 2 пайыз гана экенин маалымдаган.

«Известия» гезити: Орусиянын Индия үчүн С-400 өндүрүмүн баштаганын билдирген.

Ал эми КТРКнын сайты: «Эмделбеген балдардын арасында кызамык оорусу катталууда» деген теманы койгон.



Тектеш кабарлар