Дүйнөлүк басма сөз 5.02.2019
Дүйнөлүк басма сөздөгү маалыматтардын башкы темалары.
Сауд-британ гезити «Альшарк Алавсат»: Палестина тектүү Нажип Абу Кейл Каттандын Эль-Сальвадордун жаңы президенти болгонун билдирген.
«Эль-Эмарат Эль-Яум» (БАЭ) гезити: «Бириккен Араб Эмирликтеринин мамлекет башчысынын эки орун басары Дубай эмири жана Абу-Даби эмири, өлкөгө барган Папа менен жолугушуу өткөрүштү» деп жазган.
«Эль Мундо» (Испания)гезити: «Европанын Гуайдого колдоосу Мадурону дипломатиялык белгисиздикке алып келди» деген теманы койду.
Испаниядагы «Эль Паис» гезити: «Венесуэланын оппозициясы, АКШ менен Колумбия өкмөттөрүнүн жардамы менен куралдуу күчтөрүн бөлүүнү каалап жатат» деген теманы колдонгон.
Орусиянын «ТАСС» агенттиги: « Украинанын президенти Парашенко, ЭККУнун орусиялык өкүлдөрүнүн Украинадагы шайлоодо байкоочу катары өлкөгө кабыл алынбай турганын айтты»,-деп жазган.
Ал эми «Риа Новости» агенттиги: «АКШ Орусияны Дүйнөлүк соода уюмунун нормаларына баш ийбей жатат деп күнөөлөдү» деген.
«Известия» гезити болсо: Сирияга байланыштуу Орусия-Түркия-Иран саммити 14-февралда Сочиде өтөөрүн билдирген.
«Spiegel Online»: «Меркель Токиодо-Меркель Японияга 5 жолу, Кытайга 11 жолу барды» деген теманы койгон.
Ал эми КТРК сайты: Кыргызстандыктарды алдыда катуу суук күтүп турганын билдирген.