Дүйнөлүк басма сөз 12.03.2018 - 16.03.2018
Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу бир жумалык маалыматтар.
Кытай, «Huanqiu Shibao» гезити: «Президент Режеп Таййип Эрдоган, НАТОну кош стандарттуу мамиле кылганы менен сындады жана Сирияга аскер жөнөтүүгө чакырды».
АКШ Turkish American веб-сайты: «Килисте, Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында улантылып жаткан «Зайтун бутагы» операциясынын алкагында кызмат кылып жаткан жергиликтүү АТАК тик учары таанылды».
Германия, Bild-Internet сайты: «Түркия 2018-жылы дүйнөнүн жалпысынан 38 миллиондон ашуун турист күтүүдө».
Орусия, Интерфакс малымат агенттиги: «Орусия быйылкы сезондо Түркиядан 50 миң тонна помидор алаарын билдиргенден кийин азыртадан эле Түркиядан Орусияга жөнөтүлгөн помидордун көлөмү 10 миң тоннага жетти.
Англия, Reuters маалымат агенттиги: «Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглунун 19-мартта жасай турган АКШга сапары жылдырылды».
Иран, ИРНА маалымат агенттиги: Премьер-министр Бинали Йылдырым: «АКШ террордук уюмдарга колдоо көрсөтүүсүн токтотсун».
АКШ, Turkish American веб-сайты: Премьер-министр Бинали Йылдырым: «Түркия-Америка карым-катнаштары адамдарга көз каранды эмес».
Иран Fars маалымат агенттиги: Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу: «Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн корголушун колдойбуз».
АКШ, VOA Американын үнү радиосу: «Европа Биримдиги баш калкалоочулар келишиминин алкагында Түркиядагы сириялыктар үчүн 3 миллиард евролук кошумча жардамды бекитти».