Дүйнөлүк басма сөз 5.03.2018 - 9.03.2018

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу бир жумалык маалыматтар.

926088
Дүйнөлүк басма сөз 5.03.2018 - 9.03.2018

Орусия, ТАСС маалымат агенттиги: «Президент Режеп Таййип Эрдоган Франциянын президенти Эмануэль Макрон менен телефондо, Сирия режими тарабынан курчоого алынган Чыгыш Гутадагы саясий кризиске чечүүчү жол издөө темасын талкуулашты».

Азербайжан, Trend маалымат агенттиги: «Экономикадан жооптуу вице-премьер Мехмет Шимшек, соода согуштарынын иш жүзүндө башталганын белгиледи».

Орусия, Спутник агенттиги: «АКШнын болоттун  импортуна кошумча салык киргизүү чечимине каршы Түркия менен Европа Биримдиги чогуу иш кылууну пландап жатат».

Германия, Deutsche Welle (DW) медиа мекемеси: «Түркия Сириянын Идлиб шаарында жана оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймакта тогуз лагер курууну пландап жатат. Лагерлерде 170 миң кишинин баш калкалоосу көздөлүүдө».

АКШ, CNN Эл аралык маалымат каналы: «АКШнын Анкарадагы элчилигинин маңдайындагы Анкара өнөр жай палатасынын имаратына илинген ай жылдыздуу ири афишадагы «Эч бир күч терроризге каршы күрөшүүбүзгө бөгөт боло албайт» деген билдирүүсүнө көңүл бурду».

Англия, BBC берүү мекемеси: «Кайсеридеги Эржиес кышкы спорттору борбору 22-25-май күндөрүнүн аралыгында Түркиянын алгачкы Парашют менен лыжа тебүү (Snowkite) боюнча Дүйнөлүк кубогун өткөрөт».

АКШ, Voice of America: «Түркия чек арасынан өтүп аскердик аймакка кирген жана тыңчылык шек санасоону менен камакка алынган Грециянын 2 аскеринин аймакта тарткан фотосүрөттөрү иликтенип жатат».

Англия, Reuters маалымат агенттиги: «Президент Режеп Таййип Эрдоган менен ирандык кесиптеши Хасан Рухани телефон аркылуу сүйлөшүүдө, Сирияда ок атышууну токтотуу аракеттеринин тездетилиши темасында макулдашышты».

 



Тектеш кабарлар