Дүйнөлүк басма сөз 12.02.2018 - 16.02.2018

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу бир жумалык маалыматтар.

912073
Дүйнөлүк басма сөз 12.02.2018 - 16.02.2018

АКШ, Turkish American вев-сайты: Премьер-министр Бинали Йылдырым: «АКШ эми акыл-эсин жыйып туура чечим чыгарышы керек»,- деди.

АКШ, Turkish American вев-сайты: Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу, Түркия-АКШ карым-катнаштарына байланыштуу: «Карым-катнаштарыбыз өтө орчундуу абалда. Алакаларды оңдойбуз же бул карым-катнаштар толугу менен бузулат»,-деди.

Орусия, Риа Новости агенттиги: «Премьер-министр Бинали Йылдырым, Түркия Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» операциясы темасында соодалашпай турганын белгиледи.

АКШ, AP маалымат агенттиги: Премьер-министр Бинали Йылдырым, Македониянын расмий  атынын эмне болушу керектигин Грециянын белгилешинин туура эмес экенин айтты.

Англия, BBC түркчө веб-сайты: Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кипрдин Рум бөлүгүнүн Чыгыш Жер ортолук деңиздеги бир жактуу газ издөө иштерине, Грециянын Эгей деңизиндеги эреже бузууларына каршылык көрсөтүп «аша чаап кетпегиле»,-деди.

Пакистан радиосу: «Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Сауд Арабиянын королу Салман телефон аркылуу байланышып, эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштар жана Сирия маселесин сүйлөшүштү».

Орусия, Спутник веб-сайты: Премьер-министр Бинали Йылдырым Эгей деңизи «Түркия менен Грециянын ортосунда достук деңизи болушу керек»,-деди.

Германия DW веб-сайты: Премьер-министр Йылдырым Германияга: «Өткөндөгүлөрдү унуталы, келечекке карайлы»,-деди.

Крым, QHA маалымат агентти: «Түркия менен Беларустун ортосунда жаңы келишимдерге кол коюлду».



Тектеш кабарлар