Дүйнөлүк басма сөз 15.01.2018 - 19.01.2018
Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу бир жумалык маалыматтар.
АКШнын Turkish American веб-сайты: «Президент Режеп Тайип Эрдоган, Евфрат калканы кыймылы менен биринчи кадамы ташталган түштүк чек араны террордон тазалоо операциясын алдыбыздагы күндөрдө Африн менен уланта турганын айтты.
Германиянын DW веб-сайты: Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын: «АКШнын жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГге көрсөткөн колдоосу тынчсыздандыруучу экенин айтты».
Орусиянын Спутник веб-сайты: «Түркия, АКШнын террордук армия түзүү аракетин айыптап, Түркияга багыттала турган ар түрдүү коркунучту жоп кылууга чечкиндүү экенин баса белгиледи.
Крым QHA маалымат агенттиги: «Африканын эң ири текстиль ишканасы Түрк-Алжир өнөктөштүгүндө ачылды».
АКШнын CNN эл аралык кабар каналы: «Түркияда жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу азайды».
Германиянын DPA маалымат агенттиги: «Түркия Карадеңиз менен Мрамор деңизин бири-бирине байланыштыра турган жаңы канал курууну быйыл баштагысы келип жатат».
АКШнын Turkish American веб-сайты: «Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын кайсы тарапта экенин билдириши керек. Шериктештердиби же террордук уюмдардыбы? Кайсынысын тандап жатат? Биздин да мамилебиз ошого жараша болот».
Франциянын AFP маалымат агенттиги: «Президент Режеп Тайип Эрдоган 5-февралда Папа Францисктин чакыруу боюнча Ватиканга сапар жасайт».
АКШнын AP маалымат агенттиги: «Президент Эрдоган НАТОну шериктеши АКШнын Сирияда 30 миң кишилик чек ара армиясын түзүү планына каршылык көрсөтүүгө чакырды».
Англиянын Reuters маалымат агенттиги: «Президент Режеп Тайип Эрдоган, Сириянын түндүгүндө террордук уюкка айланган Афринге ыктымалдуу операцияны сириялык оппозициячылдар менен чогуу жүргүзө тургандарын белгиледи».
Германиянын DPA маалымат агенттиги: «Түркия менен Германиянын ортосундагы кеңешүүлөр кайрадан башталды».
Азербайжандын Trend маалымат агенттиги: «Түркия менен Ирандын борбордук банкы саада-сатыкта чоң кадам таштады».
Ирандын Ирна маалымат агенттиги: «Премьер-министр Бинали Йылдырым, Сириянын түндүгүндө жана түштүк чек араларында террордук бөлүктүн түзүлүүсүнө эч качан уруксат бербей турганын айтты».
Орусиянын Риа Новости маалымат агенттиги: «Анкара, түрк армиясынын Африндеги ыктымалуу операциясы темасында Москва менен координация абалында».
Кыргызстан, Кабар маалымат агенттиги: «Түркия Бишкекте Кыргыз-түрк достук ооруканасын салды. Кыргызстандын саламаттык сактоо минисри Талантбек Батыралиев, бул оорукананын Кыргызстан менен Орто Азия элинин заманбап шарттарда дарылануусун камсыздай турганын айтты».