Дүйнөлүк басма сөз 22.11.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

852546
Дүйнөлүк басма сөз 22.11.2017

Азербайжандын АПА маалымат агенттиги «Эрдоган : Асад режими азыр да ордунда турган болсо мынчалык кан эмнеге төгүлдү» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сүйлөгөн сөзүндө : «АКШнын аймагыбызда жүргүзгөн саясатынын жаңылыш экендиги тууралуу тынсызданууларыбызды дайыма айтып келдик»,- дегендигин билдирген. Эрдоган АКШнын негизги маселесинин башка экендигин айтып буларды билдирди : «Террордук уюм ДЕАШты тазалаганыңарды айтып жатасыңар, бирок курал жүктөлгөн унаалар эмдигиче Сирияга келип жатат. Бул эмнеге улантылууда. Силер кайсы өлкөгө каршы куралданып жатасыңар? Силердин маселеңер башка. Биз эмненин эмне экендигин жакшы билебиз, ошого жараша керектүү кадамдарды таштайбыз. Эч ким бул сценарийлерге каршы Түркиянын эч нерсе кыла албай тургандыгын ойлобосун. Сирияда Асад режими азыр да ордунда турат. Андай болсо мынчалык кан эмнеге төгүлдү? Демек бул жерде маселе террор менен күрөш, демократиянын түзүлүшү же күнөөсүз кишилердин укуктарын коргоо эмес. Биз коңшуларыбыздын мындай мамилеге тушугушуна үнсүз тура албайбыз».

Ирандын IRIB интернет сайты : «Иран, Орусия жана Түркия калган террористтерди тазалоо тууралуу келишти» деген маалыматында Орусиянын башкы штабынын төрагасы Валерий Герасимов, Мухаммед Бакыри жана Хулуси Акар менен Сочиде жолугушкандыгын жазган. Тараптар жыйында Сириядагы абалдар, калган террордук топтордун жок кылынышы жана араздашууларды азайтуу аймагында координация деңгээлин арттыра турган чаралар менен Сирияда кризистин саясий чечүүчү жол тууралуу сүйлөшүштү. Орусиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Сириянын Идлиб аймагындагы араздашууну азайтуу аймагында координация деңгээлинин арттрылышы жана террордук уюм ДЕАШ менен Ел – Нусрадан калган террористтердин тазаланышы тууралуу келишимдин түзүлгөндүгү билдирилди.

АКШ TURKİSH AMERİCAN интернет сайты «Түрк аба жолу жүк ташууда жогорулоого өттү» деген маалыматында  түрк аба жолдорунун башкы директору Билал Экшинин түрк аба жолдорунун жүк ташууда рекордго жеткендигин айтканын жазган. Социалдык медиа аркылуу маалымат берген Экши : «Биз дүйнөнүн жүгүн ташып жатабыз»,- деп ташылган жүктөрдө Бириккен Араб Эмирликтеринде 2 – орунга чыгышкандарын, Булуң өлкөлөрүндө болсо 3 -  орунду алышкандарын белгиледи.

Орусиянын «Спутник» интернет сайты «Түркияга алгачкы Эмми сыйлыгы» деген маалыматында 60тан ашуун өлкөдө берилген «Кара севда» башкача айтканда «Түбөлүктүү сүйүү» сериалы бир алгачкыны ишке ашырды. «Кара севда» дүйнөлүк телекөрсөтүү секторунун эң престиждүү Эл аралык Эмми сыйлыктарында «Теленовела» категориясында «Мыкты  чыгарма» сыйлыгына ылайык көрүлдү. Башкы ролдордо Бурак Өзчивит, Неслихан Атагүл жана Каан Урганжыоглу аткарган, сценарийин Өзлем Йылмаз жана Буржу Гөргүн Топташ жазган, режиссерлугун Хилал Сарал аткарган «Кара севда» АКШ тышында башка өлкөлөрдө жарыяланган сериалдарга берилген Эл аралык Эмми сыйлыгын алган алгачкы түрк сериалы катары Түрия телекөрсөтүүсүндө тарыхка өттү.



Тектеш кабарлар