Дүйнөлүк басма сөз-25.10.2017

Дүйнөлүк басма сөздө чыккан Түркия тууралуу маалыматтар.

834225
Дүйнөлүк басма сөз-25.10.2017

ABD, Associated Press (AP) маалымат агенттиги: «Түркия Идлиб операциясынын бүтүрүлгөнү турганын жарыялады» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Сириянын Идлиб аймагында чыңалууну басаңдатуу аймагы ишке ашыруусунун чоң өлчөмдө бүтүрүлгөнүн айтканын жазган. Парламенттеги бийликтеги партиянын эл өкүлдөрүнө кайрылган Эрдоган, мындан кийинки кадамдын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнын көзөмөлүндө турган Африн боло турганын айткан Эрдоган: «Алдыбызда Африн маселеси бар. Кандайдыр бир жол бошотуубуз болбойт. Мындан мурда айтканыбыздай бир түнү капыстан кире алабыз, бир түнү капыстан ата алабыз»,-деди.

Греция, Eleftheros Tipos гезити: «Никос Кочиас Түркияда жолугушууларды өткөрдү» аттуу маалыматында Грециянын премьер-министри Никос Кочиас дүйшөмбү күнү Түркияга келгенин маалымдаган. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун чакыруусу боюнча жасалган сапарда Кочиас президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынды. Эң акыркы жолу Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым, июнь айында Грецияга сапар жасаган.

Иран «Parstoday» радио жана интернет барагы: «Эрдоган, Катардын тышкы иштер министрин кабыл алды» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Катардын тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдуррахман Эл Санини Президенттик комплексинде кабыл алганын жазган. Тышкы иштер министри Мевлүт  Чавушоглу да орун алган жолугушууда эки өлкөнүн карым-катнаштарынын өнүктүрүлүшү темасы каралды. Буга кошумча Түркия жана Катар, министрлер деңгэлиндеги стратегиялык жогорку комитетинин отурумун да өткөрүштү. Катар делегациясына Катардын тышкы иштер министри жетекчилик кылса Түркиянын делегациясына Мевлүт Чавушоглу жетекчилик кылды.

Орусия «Независимая газета»: «Новак, «Түрк агымы» жараталыш газ куурунун келечеги тууралуу маалымат берди» аттуу кабарында Орусиянын энергетика министри Александр Новактын «Түрк агымы жаратылыш газ кууру» долбоорунун эки багытында 370 чакырымдан ашык жол басылып өткөнүн белгилегенин баяндаган. Новак: «Жакынкы бир убакта ичинде кургактыктан кете турган транзит куур темасында макулдашылып протоколго кол коюлушу керек. Өкмөттөр аралык жолугушуунун процессине баш ийе алыш үчүн багыт белгиленди. 2019-жылдын декабрында иштер аякташы керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар