Дүйнөлүк басма сөз 27.09.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

815058
Дүйнөлүк басма сөз 27.09.2017

АКШдагы «Voice of America», президент Эрдогандын Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугундагы мыйзамсыз референдумдун жаңы кайгылардын кабарчысы экенин айтканын билдирген. Түркиянын Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугунда 25-сентябрда болгон мыйзамсыз референдумга каршы чыгуулары уланып жатат. Президент Режеп Тайип Эрдоган кечээ 2017-2018- окуу жылынын ачылышына карата Президенттиктин комплексинде өткөрүлгөн аземдеги сөз сүйлөөсүнүн чоң бөлүгүн Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугуна карай сындоолоруна бөлдү. Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугу Түркиянын бардык эскертүүлөрүнө карабастан Ирактын Баш мыйзамын бузган элдик добуш берүүдө көшөөргөнүн баса белгилеген президент: «Израилдан тышкары бул референдумду колдогон эч бир өлкө жана эл аралык уюм да жок. Аймактагы бул аракети, жаңы кагылышуулардын жана кайгылардын кабарчысы болгондон башка эч кандай маанини билдирбейт»,-деди.

Германиядагы «Deutsche Welle» медиа органы, Германиядагы шайлоонун жыйынтыгында Эрдогандын эскертүүсүнө токтолгон. Германияда 24-сентябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо жайлоочулар, Ангела Меркелге мигранттар жана качкындар боюнча саясаттарына канааттанбаганын билдиришти. Бул да Эрдоган көп жолу күн тартипке койгону сыяктуу ашкере-оңчул «Германия үчүн альтернатива» партиясынын ишине жарады. «Германия үчүн альтернатива» партиясы парламенттик шайлоодо 100гө жакын эл өкүлү менен Федаралдык парламентке үчүнчү чоң партия катары кире алды.

Орусиядагы маалымат агенттиги Спутник «Стамбул эң популярдуу 10 шаардын арасында» деген кабарында АКШдагы эл аралык финансылык Мастеркард компаниясы жарыялаган тизмеде, быйыл эң көп турист тартуусу күтүлгөн алдыңкы 30 шаардын арасында Стамбулдун 10чу болгонун билдирген. Мастеркарддын индексине караганда, Стамбул Европадагы эң популярдуу шаарлардын арасында да үчүнчү орунда турат.

АКШдагы CNN телеканалы «Орду аймагындагы жайлоого туристтердин агымы» деген маалыматында Ордунун 1 миң 500 бийиктиктеги Айбасты Першембе жайлоосу араб туристтердин кызыгуусун тартканын билдирген. Айбасты муниципалитетинин башчысы Иззет Гүндогар, араб өлкөлөрүнөн быйыл жайлоого көп турист келгенин белгилеп: «Таанытуу иштерибиз натыйжа бере баштады»,-деди. Өткөн жылы Першембе жайлоосуна 500 миң жергиликтүү жана чет элдик турист келди. Ушул жылдын аягына чейин бул сандын 700 миңге жетиши күтүлүп жатат.



Тектеш кабарлар