Дүйнөлүк басма сөз-20.09.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу жазылган маалыматтар.

810833
Дүйнөлүк басма сөз-20.09.2017

АКШ,Voice of America (VOA): «Эрдогандын портфелинде кайсы делолор бар» деген маалыматында БУУнун башкы ассамблеясынын 72-чакырылышына катышканы АКШнын Нью-Йорк шаарына барган президент Режеп Таййип Эрдогандын эртең 21-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен жолуга турганын жазган. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы көптөн бери көз караш айырмачылыктары болгон темалардын сүйлөшүлүшү күтүлүүдө. Эки өлкөнүн келише албаган темаларынын башында АКШнын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГга курал жиберүүсү турат. Түркиянын санааркоолорун БУУнун башкы ассамблеясындагы кайрылуусунда да сөз кылган Эрдоган, ПЙД/ЙПГнын негизги максатынын ДЕАШ менен согушуу эместигин, айрым кызыкчылыктарын колго алуу экенин айткан.

Жолугушууда Эрдоган, Трампка Мьянмада армиянын жана улутчул буддисттердин аракандык мусулмандарга кыргын салгандары туурасында да маалымат берет.

 

АР, Англия: «НАТОнун баш катчысы Эрдоганды мактады» деген маалыматында НАТОнун баш катчысы Йенс Стольтенбергдин БУУнун башкы ассамблеясынын жылдык дүйнөлүк лидерлер жыйналышы убагында АРга куруп берген кеңири маектешүүдө, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын НАТОго оозеки эле эмес иш жүзүндө да мүчө экенин айтып, «Түркия, шериктештиктин чыгыш тарабындагы стратегиялык абалынын себебинен коопсуздугубуз жагынан абдан маанилүү өлкө. Ошол эле учурда террористтер кыймылын жүргүзгөн Ирак жана Сирия менен чек аралаш. Түркия Ооганстандын эл аралык террористтер үчүн дагы бир жолу баш калоочу абалга айланбоосун камсыздоо аракеттерибизде алдыңкы өлкөлөрдөн бири»,дегенин баяндаган.

Аль-Жазира, Араб тилинде: «Жаникли; Түштүк чек арабызда этникалык негиздерге таянган саясий түзүлүштөргө эч качан уруксат бербейбиз» аттуу маалыматында Түркиянын коргоо министри Нуреттин Жаниклинин Түркиянын түштүк чек араларында «террордук уюмдардын» көзөмөлүндө этникалык негиздерге таянган саясий түзүлүштөрдүн пайда кылынышына эч качан уруксат бербей тургандарын айтканын маалымдаган. Анкарада маалымат берген министр Жаникли, Ирактын жеринин бүтүндүгү боюнча кандайдыр бир өзгөртүүнүн, Түркиянын коопсуздугун коркунучка сала турган элементтер жарата турганын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар