Дүйнөлүк басма сөз 10.05.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

729913
Дүйнөлүк басма сөз 10.05.2017

Германиянын Deutsche Welle басма сөзү «Түрк жетекчилери АКШда жогорку деңгээлде жолугушууларды өткөрүүдө» деген маалыматында адилеттик министри Бекир Боздаг АКШлык кесиптеши менен Вашингтондо сүйлөшүү өткөрүп, башкы штабдын төрагасы Хулуси Акар, Улуттук Чалгындоо Уюмунун кеңешчиси Хакан Фидан менен президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын Ак үйдө жолугушууларды өткөргөндүгүн жазган.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен АКШнын тышкы иштер министри Рекс Тиллерсон да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Сүйлөшүүдө президент Эрдогандын келерки жумада АКШга жасай турган сапары каралды жана Сириядагы абалдар менен Астана процесси да сөз болду. Эрдогандын январь айында кызматты өткөрүп алган АКШнын президенти Дональд Трамп менен өткөрө турган биринчи бетме – бет жолугушуусунда Фетуллахчы террордук уюмдун башчысынын тапшырылышы, Сирия, АКШнын террордук уюм ПЙД/ЙПГге колдоосу сыяктуу эки тараптуу карым – катнаштардагы бир топ маселенин күн тартибине келиши күтүлүүдө.

«Орусия үнү» радиосу президент Р. Т. Эрдогандын Кувейт Эмири Ел Сабах менен бирдикте Кувейт Эл аралык аэропортунун пайдубалын түптөө аземине катышкандыгын билдирген. Президент Эрдоган пайдубалды түптөө аземинде Түркия  - Европа Биримдиги карым катнаштарына токтолуп : «Европа Биримдигине мүчөлүк процесси бири бирибизди түшүнүү жолу менен улантылат»,- деди.

Президент Европада ислам душмандыгынын жайылгандыгына басым жасап күч алган оңчул кыймылдардын Түркия  -  Европа Биримдиги карым – катнаштарына тескери таасирин тийгизгендигин айтты. Европаны улутчулдук жана исламафобия менен сынга алган Эрдоган : «Бөлүүчүлүк, маданий улутчулдук, чет элдик душмандыгы жана ислам душмандыгы сыяктуу социалдык оорулар тилекке каршы жалпы континентте жайылып баратат»,- деди.

Италия «Corriere della Sera» күнүмдүк гезити : «Түркиянын жаштык булагы» деген маалыматында Түркиянын жаш калкы эл аралык инвесторлор үчүн динамикалуу бир иш резервин түзгөн экономиканын ачкыч элементи болорун билдирди. Тактап айтканда Түркиянын жумушчу күчү Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө дагы чоң. Муну менен бирге бул чоң масштабдуу  жөндөмдүү, билимдүү жумушчу тобу атаандаштык иш базарын түзүүдө. 80 миллиондук калктын жарымынан көбү 30 жаштан кичүү. Түркиянын экономикасы акыркы 10 жылдын ичинде дайыма сыналды. Акыркы мезгилдерде аймакта болгон ыраатсыздыктан, глобалдык финансылык кризистен кийин Европадагы негизги соода өнөктөштөрүнүн экономикалык күчсүздөнүшүнө барганга чейин бул өлкө чоң өлчөмдө текшерүүсүнүн тышындагы сынактардан тажрыйба алды.

Англиянын The Daily Telegraph гезити «Түрк фирма жана Rolls-Royce аскердик учагынын моторун өндүрүү үчүн жаңы бир өнөктөштүк курду» деген маалыматында түрк өнөр жай группасы Кале жана Rolls-Royce Түркиянын жергиликтүү өндүрүшү аскердик учакка мотор өндүрүү үчүн өнөктөштүк кургандыгын билдирген. Түркия бул өнөктөштүк менен улуттук  TF-X аскердик учагына көңүл бурат. Реактив бешинчи муундагы учактардан турат жана Ф  - 16 реактивдеринин ордун алат. Түркия 250 аскердик учак заказ берет жана дүйнөдөгү эң кенен аскердик программаларынан бирөөсүн ишке ашырган болот.

Реактивдердин ар бири үчүн 100 миллон доллар сарпталат. Түркия глобалдык коргонуу өнөр жайында чоң бир базар катары көрүлүүдө. Өлкөнүн жылдык коргонуу бюджети 15 миллиард долларга жакын. Анкара өлкөнү 2020 – жылдардын ортолорунан баштап коргонуу жактан өзүнө өзү жете турган абалга алып келүүнү максат кылууда. Бул да чет элдик фирмалардын базарга жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн жергиликтүү фирмалар менен өнөктүштүк түзүүнү каалайт деген мааниге келүүдө.

 



Тектеш кабарлар