Дүйнөлүк басма сөз 3.05.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар.

725043
Дүйнөлүк басма сөз 3.05.2017

Франциянын АФП кабар агенттиги «Европа Биримдиги мүчөлүк процессесин кайрадан баштабаса Эрдоган коштошот» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Европа Биримдиги Анкаранын мүчөлүгү үчүн жаңы сүйлөшүү темаларын ачпаса Түркиянын Европа Биримдиги менен коштошорун белгиледи. Эрдоган Анкарада сүйлөгөн сөзүндө : «Ачпаган темаларды ачкандан башка аргаңар жок»,- деди. Эрдоган : «Оболу бул темалар менен алектенип, убадаңыздарда турушуңуздар керек. Андан кийин сиздер менен сүйлөшөбүз. Болбосо сиздер менен сүйлөшө турган эч нерсебиз калган жок»,- деди.

Ирандын Фарс маалымат агенттиги «Түркиянын акыркы максаты АКШ менен Сирияда кызматташтык түзүү» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын акыркы максатынын АКШ менен Сирияда кызматташтык түзүү экендигин айткандыгын белгиледи. Президент Эрдоган : «Европа Биримдиги Түркиянын мүчөлүк процесси тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантпаса Европадан бөлүнөбүз»,- деди. Европа Биримдигинин качкындар келишими тууралуу берген убадаларын орундатпагандыгын айткан Эрдоган : «Европа Биримдиги Түркиянын мүчөлүгү тууралуу калган жагдайларды карап чыкпаса Түркия Европа Биримдигине кошулуудан баш тартат»,- деди.

АКШнын маалымат агенттиги Associated Press «Президент Эрдоган референдум жеңишинен кийин бийликтеги партиясына кайтты» деген маалымат жарыялаган. Президент Р. Т. Эрдоган куруучусу болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясына 33 айдан кийин кайрадан мүчө болду. Ушундайча 16 -  апрелде өткөн референдум менен өзгөртүлгөн конституция беренелеринин бири болгон «пратиялуу президент» мезгили да башталды. Партиянын борборунда өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн премьер – министр Бинали Йылдырым президент Эрдогандын 21 -  майда боло турган 3 -  кезектеги чоң конгрессте лидер катары сунушталарын билдирди.

Азербайжандын виртуладык басма сөзү «Азербайжан депутаттары Түркияны жактады, Европа Кеңешинин Парламентарлар Ассамблеясынын Түркия тууралуу саясий текшерүү чечими сүйлөшүлдү. Улуттук парламенттин спикери Октай Асадов Түркиянын Европа кеңешин курган мамлекеттердин бирөөсү экендигин эске салуу менен Авропа Кеңешинин Парламентарлар Ассамблеясынын  сөзү болгон чечимин сынга алды: «13 жыл мурда саясий текшерүү процеесинде чыгарылган Түркия тууралуу кайрадан саясий текшерүү чечими чыгарылды. Бул чечимге каршы чыккан Европа Кеңешинин Парламентарлар Ассамблеясындагы делегациябыз каршы чыкты»,- деди.



Тектеш кабарлар