Түрк басма сөзү 12.04.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

711276
Түрк басма сөзү  12.04.2017

Орусиянын радио жана маалымат агенттиги Спутник : «Эрдоган : эч бир террордук уюмдун чек арабызда байрагын желберетүүсүнө уруксат бербейбиз» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын террордук уюмдар Түркиядагы чек ара аймактарынан толугу менен чегинбесе операциялардын улантыларын айткандыгын билдирген. Эрдоган : «Бул жерлерди эч качан террордук уюмдарына таштабайбыз. Кааласа ДЕАШ, кааласа ПКК/ПЙД болсун эч бир террордук уюмга чек арабызда байрак желбиретүүсүнө уруксат бербейбиз»,- деди.

Бельгиянын Европа Биримдигинин кабар порталы «Президенттиктин катчысы Ибрхим Калындан Европага билдирүү» деген маалыматында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын : «Европа ашыкча оңчулдарга жана террористтерге жардам берүүдөн, Түркияга жана өлкө тышында жашаган жарандарыбызга каршы мамилесинен баш тарта турган болсо азыркы учурдагы абал оңолушу мүмкүн»,- деп айткандыгын жазган. Түркиянын бир НАТО союздашы жана Европа Биримдигине талапкер бир өлкө экендиигн эске салган Калын : «Бирок өз максаттарыбыз үчүн иштеп, өз пайдаларыбызды сактайбыз. Түркия  -  Европа Биримдиги карым – катнаштары да бул эреженин өзгөчлүгү эмес»,- деди.

Катардын Аль Жазира басма сөзү «Европа Түркиянын өнүгүшүнө тоскоол болууга аракет кылууда» деген маалыматында премьер – министр Бинали Йылдырымдын кээ бир Европа өлкөлөрүнүн Түркиянын өнүгүшүн каалабагандыгын, ошондуктан да Түркияга каршы тескери мамиле кылгандыгын айтты. Кээ бир өлкөлөрдүн фашисттик кыймылдарынан да мисалдарды берген Йылдырым  : «Аттары менен иттери менен жарандарыбызга кол салыштыбы? Министрлерибизге, депутаттарыбызга бөгөт болушкан жокпу? Ойнолгон оюн абдан чоң. Бизге тоскоол болушууда. Бир тараптан ПКК, Фетуллахчы террордук уюм митингдерди өткөрүүдө. Кандилден террор башчылары да видео конференция аркылуу митингге катышууда. Дос – душманыбызды билебиз. Досубуз үчүн жаныбызды беребиз, бирок душмандарыбызды кубандыра турган иштерди аткарбайбыз»,- деди.

АКШнынAssociated Pressагенттиги  “Түркия: Асад согуштук кылмаштардан улам соттолушу керек» деген маалыматында саламаттык сактоо министри Режеп Акдагдын Сирия режиминин башында турган Башар Асаддын аскердик кылмыштарынан соттолушу керектигин айткандыгын жазган. Акдаг Түркия тарабынан жасалган иликтөөлөрдө Асаддын Сириянын түндүгүндө жасалган химиялык кол салуудан кийин каза болгондорго жасалган анализдердин жыйынтыгында зарин газынын колдонулгандыгы ырастагандыгын айтты. Акдаг эл аралык уюмдар жана БУУнун Асадды согуштук кылмышкер деп жарыялап, соттошу керектигин билдирди.



Тектеш кабарлар