Дүйнөлүк басма сөз 5. 04.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

706204
Дүйнөлүк басма сөз 5. 04.2017

Борбору Катар болгон Аль Жазира түрк кабар сайты «Эрдоган: бул жаңылыштан эртерээк кайткыла» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Ирактын Керкүк шаарында экинчи бир байрактын илинишинин жаңылыш экендигин айткандыгын билдирди. Президент Эрдоган Зонгулдакта сүйлөгөн сөзүндө : «Керкүктө улуттук байрактын тышында экинчи бир байрактын илиниши туура эмес. Ал байрактын ээлери муну билиши керек, бөлүүчүлүк кылып жатышат. Ирак Аймактык Күрт Башкаруусуна кайрылам : «Бул жаңылыштыктан эртерээк кайткыла. Ирак борбордук башкаруусу ансыз да  кабыл алышпагандарын билдиришти. Биз да эскертүүдөбүз. Керкүк күрттөрдүкү деген сөздөргө ишенбейбиз. Керкүк ал жерде араптардыкы, күрттөрдүкү, баарынын. Карым – катнаштарыбыз азырынча жакшы баратат, бузбагыла. Байрактарыңарды  түшүргүлө»,- деди.

ФранциянынAFP маалымат агенттиги «Эрдоган Путинге адамзаттык тышы химиялык кол салуулардын Сирия сүйлөшүүлөрүн коркуткандыгын айтты»,- деп билдирди.

Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоган шейшемби күнү орус кесиптеши В. Путин менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сирияда болгон «химиялык» кол салуунун «адамзаттык тышы» экендигин жана тынчтык процессин коркуткандыгын айтты. Эрдоган мындай адамзаттык тышы кол салуулардын кабыл алынгыс экендигин белгиледи жана бул абалдын согушту аягына чыгарууну максат кылган Астана процессинин негизинде бардык аракеттерди тобокелчиликке салышы мүмкүн экендигин баса белгиледи. Эрдоган менен Путин ок атышпоолордун улантылышы үчүн орток аракеттердин улантылышынын керектүү экендиги боюнча бирдей пикирге барышты.

Англиянын Ройтерс агенттиги «Түркия Сирия режими БУУнун химиялык куралдар тууралуу чечимдерин ачыкчы бузду» деген маалыматында Түркия Сириянын Идлиб шаарынан алынган көрүнүш жана маалыматтардын Сирия режиминин химиялык курал колдонуу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин бузуу жолуна баргандыгын белгилегендигин билдирди. Түркия тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмуна окуянын чукул түрдө териштирүүгө алууга чакыруу салынды.

Германиядагы BERLINER MORGENPOST басма сөз органы «ТУИ Фридрих Жоассен эс алуу өлкөсү катары Түркияны таанытууда» деген маалыматында дүйнөнүн эң чоң тур оператору ТУИнин төрагасы Фридрих Жоассен Berliner Morgenpostко интервью берди. Жоассен : «Немис эс алуучу үчүн эң жакшы тейлөө, аз акча менен эң жакшы эс алуу мүмкүнчүлүктү ким  берүүдө?»,- деген суроого : «Түркия бул тууралуу алдыда. Түркиянын Жер Ортолук деңиз жээктеринин көрүнүшү абдан кооз, мейманканалар узун пляждарга ээ. Суусу тунук, мейманкана  кызматкерлеринин меймандостугу жана тейлөөсү көңүл бураарлык",- деген жоопту берди.



Тектеш кабарлар