Дүйнөлүк басма сөз  15.03.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

692105
Дүйнөлүк басма сөз  15.03.2017

Италиянын «Askanews» маалымат агенттиги «Түркия, Нидерландияга каршы БУУна, ЕККУга жана Европа Кеңешине нааразычылык билдирет» деген маалыматында Түркия Нидерландия тарабынан Вена келишими бузулду деген негиз менен эл аралык жогорку органдарга нааразычылык билдирүү арызын сунуштай тургандыгын билдирген. Нидерландия 11 -  мартта түрк министрдин өз жерлери деп саналган консулдукка киришин полициянын күчү менен токтотуу менен министрди өлкө тышына чыгарган. Нидерландия полициясы окуяга каршы чыккан түрк жарандарына ат жана иттер менен кол салган. Анкара эми бул улутчулдукту БУУ, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУ жана Европа Кеңешинин алдына алып келүүнү каалап жатат. Түркия 1961 -  жылдан бери ишке кирген дипломатиялык карым – катнаштар тууралуу Вена келишиминин бузулгандыгын билдирип Нидерландияга каршы нааразычылык катын билдирет.

Англиянын Ройтерс агенттиги «Нидерландиянын кечирим суроосу жетпейт» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган Анкаранын Нидерландия менен жогорку деңгээлде дипломатиялык карым – катнаштарды токтотушунан кийин берген маалыматында Нидерландия менен болуп жаткан дипломатиялык кризистин кечирим суроо менен эле чечилбей тургандыгын айткандыгын жазган. Эрдоган : «Министрлер кеңешибизде кадамдар ташталды, бирок Нидерландияга каршы жасала турган дагы көптөгөн нерсе бар»,- деди. Эрдоган : «Жөн гана бир кечирим суроо менен кутулушарын ойлогондорго кандай  жаңылыштыктын ичинде экендерин көрсөтүбүз»,- деди. Көрүлгөн чаралардын арасында экономикалык санкциялар менен жарандардын саякатына тыюу салуу жок.

Нидерландиянын коомдук басма сөз органы Нос тв «Нидерландиядагы түрктөр добуштарын Түркия душмандарына бербесин» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдоган Нидерландиядагы түрктөргө чакыруу салып, улутчулдук кылган Эркиндик партиясы Герт Вилдерс менен бийликтеги  Либерал партиясынын талапкери премьер – министр Марк Рюттеге добуш бербеши керектигин айтты.

Европанын Түркиянын күчтөнүшүнөн тынчсыздангандыгын айткан Эрдоган Нидерландиянын өткөн күндөгү кирдүү тарыхына да кайрылып Нидерландиянын 1995 -  жылы Боснияда  болгон кыргындардан жооптуу экендигин эске салды жана : «Биз аларды Сребреницадан билебиз. Алардын канчалык жаман экендигин, 8 миң бошнякты кандай кыргандыгын билебиз»,- деди. Эрдоган ишемби күнү кечинде Нидерландия полициянын митингее чыккандарга салган иттер тарабынан жараланган түрк митингчиге телефон чалды. Эрдоган бул митингчинин үч ай иштебей тургандыгын белгиледи.

Орусия радио жана кабар агенттиги Спутник «Чавушоглу: Европа Биримдигинен виза  эркиндиги келбесе Миграция келишими тууралуу кадам таштайбыз»,- деген кабарында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Европа Биримдигинен түрк жарандарына карата виза эркиндиги келбесе миграция келишими тууралуу керектүү кадамдардын ташталарын айткандыгын билдирген. Чавушоглу  : «Европа Биримдигинин бизди  алаксытып жаткандыгын көрүп турабыз. Биздин да сабырыбыз чексиз эмес. Бул тууралуу жарандарыбыздын да күтүүлөрү бар. Эгерде виза эркиндиги келбесе миграция келишими тууралуу кадамдарды таштайбыз. Себеби келишимдин негизи бул : миграция, кайра кабыл алуу жана виза эркиндиги»,- деди. Түркиянын ушул күнгө чейин бул келишимдин шарттарын орундаткандыгын баса белгилеген Чавушоглу : «Биз ушул күнгө чейин миграция келишиминин негиздерин акырына чейин ишке ашырдык. Ар бир беренесине баш ийдик. Европа виза тууралуу бизди алаксытпасын. Биз да эмне керек болсо аткарабыз»,- деди. Виза эркиндиги өткөн жылы ишке кирмек.



Тектеш кабарлар