Дүйнөлүк басма сөз 22. 02.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

677692
Дүйнөлүк басма сөз 22. 02.2017

Ирандын ИРНА басма сөзү «Сенатор Маккейн ДЕАШ менен күрөштө АКШнын Түркия менен кызматташтык түзүүсүн суранды» деген маалыматында республикачыл сенатор Маккейн  Түндүк Ирак жана Сирияда ДЕАШ менен күрөшүү тууралуу АКШнын Түркия менен кызматташтык түзүүсүн суранды. Сенатор Маккейн президент Р. Т. Эрдоган менен өткөргөн сүйлөшүүдөн кийин жарыялаган билдирүүсүндө бул сөздөргө орун берди : «Сүйлөшүүдө Сириядагы акыркы абалдарды кенен карап чыктык. АКШда башкаруунун алмашышы, Сирияда АКШнын саясаттарын кайрадан карап чыгышы тууралуу ылайыктуу мүмкүнчүлүк болду деген ойдомун. АКШ ДЕАШты ортодон жок кылуу, башка террордук группалардын күчкө ээ болушуна каршы күрөшүү жана Жакынкы Чыгыш аймагында тең салмактуулукту түзүү боюнча Түркия менен кызматташтык түзүшү керек. Биз  Түркия менен кызматташтыктын башталышын күтүүдөбүз жана бул кызматташтыктын жыйынтыктарынын Сириянын абалынын жакшырышы үчүн пайдалуу болорунан үмүт кылабыз».

Англиянын Ройтерс агеттиги «Түркиянын премьер – министри : Түркия АКШнын жаңы башкаруусун Гүлен тууралуу дагы түшүнүктүү болорун көрүп турат» деген маалыматында Түркиянын премьер – министри Бинали Йылдырым Түркиянын АКШнын жаңы башкаруусунун Фетуллахчы террордук уюмдун башчысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы тууралуу дагы түшүнүктүү жана жоопкерчиликтүү болорун көргөндүгүн айтты. Йылдырым шейшемби күнү Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында депутаттар менен сүйлөшүүсүндө Анкаранын июль айында Түркиядагы козголоң кыймылын уюштуруу менен күнөөлөгөн Гүлендин тапшырылышы тууралуу АКШлык жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын айтты».

Катар борбору болгон Аль Жазиранын түрк интернет сайты «Түрктөрдүн тең укуктуулугун кабыл ала алышпай жатат» деген маалыматында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Лефкошада өткөргөн жекеме – жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин биргелешкен пресс – жыйын өткөрүшкөндүгүн жазган. Акынжы Кипрдеги сүйлөшүүлөрдүн улантылышы жана оң багытта  кетпешинин рум тарабынан чыккан маселе экендигин айтты. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да : «Сүйлөшүү процесси акыркы мүмкүнчүлүк терезеси»,- деди.

Орусиянын Тасс агенттиги «Түрк аба жолу фирмасы ONUR AİR май айында Стамбул  - Жуковский каттамдарын баштайт» деген маалыматында Ramport Aero фирмасынын  биринчи төрага орун басары Евгений Солодилин Onur Air түрк аба жолу фирмасынын Стамбул –Жуковский каттамдарын баштатарын жана учууларды 2 -  майда баштоону пландашкандарын  белгиледи. Аба жолу фирмасынын дүйшөмбү күнү билет сатууларды баштай тургандыгын айткан Солодилин : «Азырынча Стамбул  - Жуковский  - Стамбул каттамдарынын аткарылышын пландап жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар