Дүйнөлүк басма сөз 01.02.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

663281
Дүйнөлүк басма сөз 01.02.2017

 

Германиянын «Der Tagesspiegel» күнүмдүк гезити «ФЕТӨчүлөрдү коргоосу астына алган Меркелге бомбаланган парламент көрсөтүлөт» деген маалыматында Германиянын канцлери Ангела Меркель бейшемби күнү Түркияда президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушарын жазган. Бул канцлер үчүн абдан кыйын сапар болот. Меркелге Анкарада Фетуллахчы террордук уюмдун 15 – июлдагы козголоң кыймылында болбалаган Түркия Улуттук Парламенти көрсөтүлөт. Козголоңчулардын аскердик раективдеринин кол салуусуна учураган калктын өкүлчүлүгүндөгү далилдер Меркелге көрсөтүлөт. Түрк саясатчылар батыштагы  өлкөлөрдөн эмне себептен козголоңдун кылмыш ортокторунун тапшырылышын талап кылышкандарын билдирет. Меркелдин  бомбаланган парламентти көргөндөн кийин ФЕТӨну коргоону улантып же улантпай тургандыгы кызыгуу менен күтүлүүдө.

Франциянын АФР басма сөз агенттиги «Түркия Трампты качкындарга карата саясатын кайрадан карап чыгууга чакырды» деген маалыматында вице – премьер Нуман Куртулмуш АКШнын президенти Дональд Трампты көпчүлүгү мусулман болгон жети өлкө жаранын АКШга киришин токтоткон талаш  - тартыштуу жарлыгын кайрадан карап чыгууга чакырды. Куртулмуш : «Батышта жогорулап жаткан чет элдик душмандыгы жана качкындарга каршы сезиминен жана исламофобиядан жолго чыгуу менен чыгарылган бул чечимди кабыл алуу мүмкүн эмес»,- деди. Нуман Куртулмуш эч бир өлкө жаранын так түрдө жаман деп айтууга болбой тургандыгын айтты. Куртулмуш : «Мындай чечимдин АКШ сыяктуу бардык диндерден жана бардык этникалык топтордон кишилердин жолугушуу жери болгон өлкөдө чыгарылышы жаралоочу абал»,- деп санаасын билдирди.

Катардын Аль Жазира телекөрсөтүүсү «Коопсуз аймакка карата өлкөлөрдүн көз карашы» аттуу маалыматында Сирияда качкындар үчүн коопсуз аймак түзүү чечимин эл аралык жамааттын кабыл алгандыгын жазган. Бул  аймактардын түзүлүшүн Рияд да кабыл алды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия режиминин макулдугу жана БУУнун катышуусу шарты менен Сирия жерлеринде качкындар үчүн коопсуз аймактарды түзүү пикиринин  өздөрү үчүн алыс эмес экендигин айтты. Сирия режиминин тышкы иштер министри Велит Муаллим болсо бул аймактардын өлкөсүнүн жерлеринде түзүлүшү тууралуу Сирия өкмөтү менен координациялуу түрдө жасалышы керектигин, болбосо  ишенимдүү болбой тургандыгын жана Сириянын эгемендигинин бузуларын белгиледи. Түркия үчүн башынан бери ишенимдүү аймак маселеси Обама башкаруусуна сунуш кылган жана жактаган маселе болгон. Бирок бир гана Иран бул тууралуу үнсүздүгүн сактап жатат.

Ливандын «Ел Акбар» күнүмдүк гезити «Түркия  - Израиль жакындашуусу» деген маалыматында Израилдин тышкы иштер министрлигинин баш директору Ювал Ротем бүгүн Сириядагы абал да болуу менен аймактагы абалдарды карап чыгууну жана түрдүү тармактардагы эки тараптуу карым – катнаштарды күчтөндүрүүнү максат кылган иш сапары үчүн борбор шаар Анкарага келет. Сапар эки өлкөнүн ортосундагы диалогдун негизинде өткөрүлөт. Түркиянын туризм министри Наби Авжы да алдыбыздагы жуманын башында Тель Авивде эл аралык туризм конференциясына катышуу үчүн Израилге барат. Бул сапар тараптардын ортосунда карым – катнаштардын кайрадан башталышы жана калыбына келишинен кийин жогорку мартабалуу бир түрк жетекчинин Израилге жасай турган биринчи сапары болот.



Тектеш кабарлар