Дүйнөлүк басма сөз 25.01.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

658920
Дүйнөлүк басма сөз 25.01.2017

АКШнын «Ассошейтд пресс» агенттиги : «Түркиянын президенти Мозамбикти  Гүлен коркунучуна карата эскертти» деген маалыматында Түркиянын президенти Р. Т. Эрдогандын шейшемби күнү Мозамбик сапарында өткөн жылы Түркиядагы козголоң кыймылынан жооптуу Фетуллахчы террордук уюмдун дүйнөдө иш алып барган жерлерде мамлекеттик мекемелерге кириши мүмкүн экендигин айткандыгын жазган. Эрдоган : «Мозамбиктин белгилүү жерлеринде жайгашкан жана дүйнөнүн төрт тарабына жайылган бул уюм армиябызга, коопсуздук күчтөрүнө жана башка коомдук мекемелерге киргендей бул жерде да ошол эле нерсени аткарышы мүмкүн.  Муну билүүлөрүн кааладым. Бул достук жана бир туугандык катары билдирилген каалоо»,- деди.

Италиянын АНСА агенттиги «Орусия, Иран жана Түркия ок атышпоолорду иликтешет» деген маалыматында Орусия, Түркия жана Иран Сирияда биргелеше ок атышпоолорду иликтөө механизмин түзүшү үчүн келишимге кол койгондорун билдирген. Казакстандын борбор шаары Алматыдагы сүйлөшүүлөрдүн үч куруучу өлкөсү биргелешкен билдирүү текстинде  ок атышпоолорду күчтөндүрүү үчүн «жоопкерчиликтерин» колдонууга убада беришүүдө.

Сирядагы кагылышуунун БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан сунуш кылынган өкмөттөрдүн негизинде тынчтык жолу менен чечилиши керектигин кайталап Сириянын «жеринин бүтүндүгүнө, эгемендигине жана көз карандысыздыгына» сый көрсөтүлүшү керектигин айтышуда. Бул өлкөлөр билдирүүдө 8 -  феврлада Швейцариянын Женева шаарында боло турган программада Сирия сүйлөшүүлөрүнүн колдоого алынарын, ДЕАШ жана Фатх ел Шам сыяктуу Сириядагы террордук уюмдарга каршы бирдикте күрөшүүгө даяр экендерин жарыялашты.

Орусиянын «Риа новости» гезити «Сирия оппозициясы Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу сүйлөштү» деген маалыматында Сирия оппозициясынын делегация башчысы Мухаммед Аллуш журналисттерге берген маалыматында Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнүн Сирия араб республикасында ок атышпоолордун түзүлүшү үчүн конституциялык негизди түзүүгө жардам бере аларын белгиледи. Аллуш : «Ок атышпоо режимине келе турган болсок 30 -  декабрдагы келишим боюнча бизге берилген милдеттерди аткардык. Эми ок атышпоо режимин күчтөндүрүү жана конституциялык негиз түзүү үчүн бул жерге келдик»,- деди. Оппозиция өкүлүнүн Астанада ок атышпоо эрежелеринин бузулушун текшерүү механизми орун алган бир документ даярдагандыгын белгилеген Аллуш бул документти гарантер өлкө болгон Түркияга, документтин бирден көчүрмөсүнүн  Орусия менен БУУна беришкендерин айтты.

Ирандын ИРНА агенттиги «Орусия менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин Астана сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу  кеңеши» деген маалыматында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен түрк кесиптеши Мевлют Чавушоглу Астанада сириялык тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына баа беришкендигин белгилеген. Орусиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта бул сөздөргө орун берилди : «Лавров менен Чавушоглу Сирия мамлекети менен оппозициячылдардын ортосунда түздөн түз диалогдордун улантылышынын маанисине басым жасашты жана Сирияда тынчтыктын түзүлүшүнүн бир гана жолунун тараптардын арасында  ок атышпоолордун түзүлүшү экендигин белгилешти». Лавров менен Чавушоглу айрыкча бул сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү өтүшү жана Женевада Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кайрадан башталышы тууралуу сириялык тараптар менен келишим түзүштү.



Тектеш кабарлар