Дүйнөлүк басма сөз 18.01.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

654141
Дүйнөлүк басма сөз 18.01.2017

ГерманиянынDie Tageszeitungкүнүмдүк гезити «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө экинчи тур» деген маалыматында Түркия Улуттук Парламентинде  бүгүн конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушунун  бекитилп жаткандыгын жазган. Эгерде бекитүү экинчи турдан да өтө турган болсо ишемби күнү пакеттин толугу менен бекитүүгө сунушталышы мүмкүн, андан кийин да сунуш апрель айынын башында элдик добуш берүүгө сунушталат. 18 беренелик жаңы конституциялык өзгөртүүлөрдө депутат болуп шайлануу жашынын 25тен 18ге түшүрүлүшү жана депутат санынын 550дөн 600гө чыгарылышы орун алган. Бирок өзгөртүүлөрдүн негизги элементтери президент, парламент жана өкмөттүн келечектеги жоопкерчиликтери.

Британиянын Ройтерс кабар агенттиги : «Эрдогандын түрк лирасына карата кампаниясы улантылууда» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын : «Банктык секторду колго алгандар инвесторлорго керек болгон кредитти бербесе бизге жооп беришет»,- дегендигин билдирген. Соода алмашууну колдоого алуу жана экономиканы жандандыруу үчүн төмөнкү пайызды жактаган Эрдоган Борбордук банкы канчалык көз карандысыз болсо да банктык пайыз тууралуу эскерте аларын, валютадагы жогорулоо үчүн бир себептин жок экендигин белгиледи. Эрдоган, өкмөт жана кээ бир министрлер көп жолу валютадагы жогорулоонун  тышкы күчтөрдүн Түркияга каршы оюнунун бир бөлүгү экендигин айтты.

Орусиянын радио жана кабар агенттиги Спутник «Чавушоглу: террордук уюм ЙПГ эч качан Астана сүйлөшүүлөрүнө катышпайт» деген маалыматында Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрү тууралуу тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун : «АКШнын сүйлөшүүлөргө катышуусу тууралуу Орусия менен бирдей пикирдебиз. БУУ, Түркия, Орусия, Иран жана АКШнын сүйлөшүүлөргө катышуусу тууралуу Орусия менен бирдей пикирдебиз. БУУму, Түркия, Орусия, Иран жана АКШнын сүйлөшүүлөргө катышуусу так сыяктуу. Террордук уюм ЙПГ эч качан Астанадагы сүйлөшүүлөргө катышпайт»,- дегендигин билдирген. Сирия сүйлөшүүлөрүн 23 -  январда өткөрүүнү пландашкандарын жана АКШнын ЙПГнин да сүйлөшүүлөргө катышууну кыялдангандыгын белгилеген Чавушоглу : «Террордук уюмдун сүйлөшүү столунда болушун кабыл албайбыз. Буга уруксат да бербейбиз. Бул тууралуу Орусия билет»,- деди.

Босния Герцеговинанын «Независне Новине» аттуу күнүмдүк гезити : «Куртулмуш: бир чалгындоо уюмунун кол салуу менен байланышы бар» деген маалыматында вице – премьер Нуман Куртулмуш 39 киши каза болгон Стамбулдагы түнкү клубга жасалган кол салуу тууралуу бир чалгындоо уюмунун байланышынын бар экендигин айткандыгын жазган. Куртулмуш : «Реина түнкү клубуна карата кол салуу бир гана террордук уюмдун кыймылы эмес, бир чалгындоо сервисинин да байланышы бар. Себеби  абдан жакшы пландалган жана уюмдашкан  кыймыл»,- деди. Террордук уюм ДЕАШ түрк армиясынын Сириядагы операцияларына каршылык катары бир өч алуу кыймылы экендигин белгилеп сөзү болгон түнкү клубга карата кол салууну моюнга алган.



Тектеш кабарлар