Дүйнөлүк басма сөз 11.01.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалымат

648903
Дүйнөлүк басма сөз 11.01.2017

Италиянын ANSAmed кабар агенттиги “Эрдоган:  кээ бир качкындарга жарандыкты беребиз» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдогандын жай мезгилинде киргизген сунушун кайрадан күн тартибине алып келгендигин билдирген. Р. Т. Эрдоган : «Бүгүн 3 миллиондон ашуун сириялык жана ирактыкты конок кылып жатабыз. Булардын арасында өлкөбүзгө олуттуу түрдө салым кошо тургандар бар. Ички иштер министрлигибиз бул кишилерге жана алардын үй – бүлөлөрүнө жарандык берүү үчүн ишин жүргүзүүдө»,- деди.

Англиянын Ройтерс кабар агенттиги «Орусия менен Түркиянын тышкы иштер министрлери Сирияда ок атышпоолорду улантуунун маанисин баса белгиледи» деген маалыматында Орусиянын тышкы иштер министрлиги тышкы иштер министри Сергей Лавров менен түрк кесиптеши Мевлют Чавушоглунун Сирияда ок атышпоолор жана «террордук уюмдар» менен күрөшүүнү улантууда макулдашышкандарын билдирди. Шейшемби күнү телефон аркылуу сүйлөшкөн Лавров менен Чавушоглу Сириянын абалы тууралуу айдын акырында Казакстандын борбор шаары Астанада өткөрүлүшү пландалган жыйын тууралуу сүйлөштү. Маалыматка караганда эки министр ошол эле учурда Москва менен Анкаранын ортосундагы эки тараптуу карым – катнаштардагы чукул маселелерди да кеңешишти.

Түштүк Кипр Рум  башкаруусунун «FİLELEFTHEROS» гезити  «Түркия гарантиялардан баш тартпайт» деген макаласында түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Европа Биримдигинин сүйлөшүү процессинин тескери таасирленишине уруксат бергендигин белгилеп, Түркиянын Кипрдеги гарантияларынан баш тартпай тургандыгын баса белгилегендигин маалымдаган. Чавушоглу Женевада өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө жыйынтык эмне болсо болсун Түркиянын кипрдик түрктөрдү коргоосуз калтырбай тургандыгын айтты. Анкарада улантылып жаткан элчилер конференциясында сөз сүйлөгөн тышкы иштер министри Кипр маселесинин ушул күнгө чейин чечиле албашынын себептеринин бирөөсү Кипр маселеси чечилбестен бир тараптын Европа Биримдигине мүчө болушу экендигин белгиледи. Чавушоглу Түркия жана кипрдик түрктөрдүн олуттуу аракет кылгандыгын сөздөрүнө кошту.

АКШнын TURKISH NY интернет сайты «Давостогу  саммитке Түркиядан Шимшек менен Зейбекчи катышат» деген маалыматында Дүйнөлүк экономикалык форумунун бул жылкы Давос жыйындарына Түркиядан вице – премьер Мехмет Шимшек жана экономика министри Нихат Зейбекчинин катышарын билдирген. Швейцариянын Женева шаарында боло турган Дүйнөлүк экономикалык форумунун борборунда өткөрүлгөн пресс – жыйында бул жылы 17 – 20 -  январь күндөрү Давос кыштагында өткөрүлө турган жыйындарга 70тен ашуун өлкөдөн 300дөн ашуун жогорку мартабалуу катышуучунун катышары билдирилди. 30дан ашуун мамлекет башчысы менен премьер – министр катыша турган жыйындарда лидерлердин көптөгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү да күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар