Дүйнөлүк басма сөз 4.01.2017

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

644182
Дүйнөлүк басма сөз 4.01.2017

Орусия үнү радиосу «Түркия  - Ирак ортосунда жаңы бир мезгил башталууда» деген маалыматында Орусия менен карым – катнаштарын оңдогон Түркия Ирак менен да карым – катнаштарын бекемдөө боюнча кадам таштоого даярданып жаткандыгын билдирген. Премьер – министр Бинали Йылдырым 5- 6 – январда Иракка сапар менен барат. Йылдырым Багдатта Ирактын премьер – министри Хайдар ел Абади Эрбилде Ирак күрт  аймактык башкаруусунун төрагасы Месут Барзани менен жолугушат.

Вице – премьер Нуман Куртулмуш бул тууралуу : «Түркия тегерегиндеги маселелерин бир бирден чечет жана жолун улантат»,- деди. Йылдырымдын Ирак сапарында эки өлкөнүн ортосундагы маселелер, жаңы бир диалог перспективасы жана өзгөчө Иракта террорго каршы биргеликте күрөшүү. Бул күрөштүн негизинде да Ирактын келечегинин мындан кийин кандай болушу керектиги каралат.

Англиянын Ройтерс кабар агенттиги «Түркия АКШнын жаңы башкаруусунан террордук уюмдарга жардам берүүнү токтотушунан үмүт кылууда» деген маалыматында  премьер – министр Бинали Йылдырым АКШнын жаңы башкаруусунун террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДге курал берүүнү токтоторун ойлогондугун жана президент Барак Обама башкаруусунун курал берүү боюнча жооптуу экендигин айтты.

Бинали Йылдырым «АКШ Түркия менен стратегиялык өнөктөштүгүнүн бир террордук уюмдун айынан бузулушуна уруксат бербеши керек»,- деди. Анкара Вашингтондун Сириядагы ПЙД  мүчөлөрүнө берген колдоодон тынчсызданып жаткандыгын жарыялады. Түрк өкмөтү бир террордук уюм менен күрөшүүдө башка бир террордук уюмга колдоо берилишинин жаңылыш экендигин ар дайым билдирүүдө. АКШ болсо террордук уюм ПЙДни Сириядагы кызыкчылыктарын сактап калууда өзүнө маанилүү өнөктөш катары көрүүдө.

Немис DPA басма сөз агенттиги «Түркия жек көрүү менен толгон социалдык медиа эсептерине каршы аракетке өтүүдө» деген маалыматында түрк жетекчилер Стамбулда жаңы жыл күнү кечинде жасалган жана 39 кишинин каза болушуна себеп болгон кол салуудан кийин социалдык медиа эсептерине каршы аракетке өтүп жаткандыгын билдирген. Вице – премьер Нуман Куртулмуш 347 эсеп ээси тууралуу териштирүү башталгандыгын билдирди. Премьер – министрликтен келген жарыя социалдык  медиадагы кабардын террорду күчтөндүргөндүгү, мындай кабарлардын элге жана өлкөнүн кызыкчылыктарына тескери экендиги ал түгүл кылмыш экендигине орун берилди.

Италиянын «La Repubblica» күнүмдүк гезити «Гиованни Гуидетт: бир италиян катары Стамбулдан башка жерге барбаймын»,-  деген макаласында улуттук түрк аялдар  волейбол командасынын италиян машыктыруучу Гиованни Гуидетти жаңы жыл кечеси Стамбулда түнкү клубга карата жасалган кол салуудан кийин Стамбулдан кетпей тургандыгын айтып улуттук курама командасын машыктыруу үчүн келишимге кол койду. Голландиянын улуттук курама командасын таштап улуттук түрк аялдар курама командасы менен келишимге кол койгон Гуидетти : «Эми Стамбулдан башка эч жакка барбаймын»,- деди. Дүйнөнүн бардык жеринде террордун бар экендигин белгилеген италиян машыктыруучу : «Мындан үч жыл мурда Стамбулдун Азия тарабынан үй сатып алдым. Бул жер эгер мүмкүнчүлүгүн бар болсо  абдан жакшы жашоого боло турган шаар. Дүйнөнүн эң жакшы эт ресторанынан тамак жегин келеби? Этилер Нусретке барасың. Жакшы жерлерге баргың келсе Бебекке же Улуска барсаң болот»,- деди.

 



Тектеш кабарлар