Дүйнөлүк басма сөз 14.12.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

630173
Дүйнөлүк басма сөз 14.12.2016

Германиянын басма сөз агенттиги DPA «Европа Биримдиги Түркия менен диалогду ачык кармайт» деген макаласында Европа Биримдигинин Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан бери Түркия тууралуу биринчи жолу так кадам таштап жаткандыгын жазган.  Биримдик мүчөсү өлкөлөр шейшемби күнү өткөрүлгөн сүйлөшүү жана баа берүүлөрдүн натыйжасында Австрия жана Европа Парламентинин Түркия менен кошулуу сүйлөшүүлөрүнүн тоңдурулушу тууралуу талаптарына баш ийген жок. Ушундайча Европа Биримдиги Брюсселдеги министрлер жыйынында Түркияга каалгаларын жаппастан диалогду улантуу чечимин чыгарды.

Индиянын «Жансатта» күнүмдүк гезити «ПКК батыштан алган куралдарды ДЕАШка каршы эмес, Түркияга каршы колдонууда» деген маалыматында батыштык өлкөлөр террордук уюм ПКК/ПЙДге башка бир террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүүсү үчүн куралдарды берип жаткандыгын жазган. Бирок ПКК бул куралдарды Батыш корккон ДЕАШка каршы эмес, Түркияга каршы колдонууда. Уюм террордук иштерин бир гана Түркияда ишке ашырууда. Буларга ДЕАШ менен согушуу күчүн берген күчтөр башка террордук топторго да ок – дары таркатууда. Ушундайча батыштын эки жүздүү саясаты ачыкча ортого чыгууда. Негизинен ойлонулушу керек болгон тема; террор менен күрөшүп жаткандагын дайыма кайталаган өлкөлөрдүн шектүү кыймылдары.

Азербайжандын «Йени Мүсават» гезити «Жикчил террордук уюму тыштан азыктанууда» деген макаласында акыркы 35 жылда Түркияда 35 миңден ашуун жаран жана коопсуздук кызматкери террордук уюм ПККнын курмандыгы болгондугун жазган. Түркия көптөгөн жылдардан бери уюм менен күрөшүп жатат. ПККнын артында Түркиянын өнүгүшүн каалабаган жана уюмга курал берген өлкөлөр бар. Муну эч ким тана албайт. Эч бир террордук топ логистикалык колдоо жана курал албастан террордук кыймылдарды ишке ашыра албайт. ПКК террор санын жыл сайын жашы жеткен балдарды зордоп тоого качыруу менен көбөйтүүгө аракет кылса да акыркы  бир жылдан бери уюмга кошулуу азайган. Мынчалык жарылуучу зат, курал, ракета, заманбап байланыш каражаттары үңкүрлөрдө жашаган террористтердин азык – түлүгү, ок – дарыны кайдан алып жатат? ПККга бардык жардамдарды берген өлкөлөрдүн негизги максаты Түркиянын бөлүнүшү, кичирейүүсү, күчсүздөнүшү. Бирок ачык түрдө айта алышпай жатат.

Франциянын  «Liberation» күнүмдүк гезити «Дональд Трамптын Түркияга болгон кызыгуусу» деген кабарында АКШда январь айында президенттикти өткөрүп ала турган Дональд Трамптын мусулмандар тууралуу кыймылын бир тарапка таштап, Түркиянын  АКШнын күчтүү соода жана стратегиялык өнөктөшү боло тургандай көрүнгөндүгүн жазган.

АКШдаBreibart News интернет сайтында  Дональд Трамптын Стамбулдун тартуучу күчүн баса белгилегендигин, бул сыйкырдуу шаарда абдан маанилүү кыймылсыз мүлкүнүн бар экендигин жазган. Стамбулдун Европа жагында бирөөсү 37 бирөөсү да 39 кабаттуу Trupm Towerлар 2012 – жылы Шишлиде курулган. Трамп бир ишкер катары Түркиянын кирешелүү экендигин жашырган жок. Стамбул жана Измирде инвестицияларды салды. Трамп 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин да Түркияга колдоо кабарларын берди. Эрдоган да Трамп президент болуп шайланганда куттуктады.

 



Тектеш кабарлар