Дүйнөлүк басма сөз-27.10.2016

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

597716
Дүйнөлүк басма сөз-27.10.2016

АКШнын берүү мекемеси VOA: «Боздаг Гүленди Бин Ладинге окшотту» аттуу маалыматында адилет министри Бекир Боздаг, «АКШ үчүн Усаме бин Ладин кандай түшүнүктү берсе, Түркия мамлекети үчүн да Фетуллах Гүлен ошондой түшүнүктү берет»,-деген маалыматын бергенин жазган. Боздаг: «ФЕТӨнүн корбашчысы» Фетуллах Гүлендин кайтарылышы процессин байкоо үчүн Америка Кошмо Шттаттарына бараардан мурда «Эсенбога» аэропортунда басма сөзгө маалымат берди. Боздаг: «Кайтарылып берилбеши же болбосо кайтарылып берүү процессинин узартылышы Түркия менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштарга терс таасир тийгизет. Биз Түркия менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштар бир террористтин айынан бузулушун каалабайбыз. АКШ үчүн Бин Ладин кандай түшүнүк берсе, Түркия мамлекети үчүн да Фетуллах Гүлен ошондой түшүнүктү берет»,-деди.

Германиянын берүү мекемеси DW: «Чавушоглу: Иракка кургактык операциясы кылына алат» аттуу маалыматында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркияга карай коркунуч туулган учурунда Түндүк Иракка кургактык бөлүктөрүнүн кириши менен катар дагы таасирдүү чаралар көрүлө ала турганын айтканын баяндаган. Жеке менчик бир телеканалга маек куруп берген Чавушоглу: «Эгерде Түркияга карай коркунуч туулса, биз кургактык операциясы менен катар бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонобуз. Түркияга карай коркунуч туулган учурунда, Ирактагы абалдар Түркиянын коопсуздугун, ырааттуулугун коркунучка сала турган болсо, Сириядагы коркунуч кандай биздин чыдамыбызды кетирген болсо, бул жерде да Синжар жана башка аймактарда бизге карай коркунуч күчөсө кургактык операциясы менен кошо эл аралык укуктан келип чыккан укугубузду жана күчүбүздү колдонуп, бизге багытталган коркунучту жок кылабыз»,-деди.

АКШнын берүү мекемеси TURKİSHNY: «ПКК террор уюму Түркия менен ИКБЙга каршы коркунуч туудурууда» аттуу маалыматында АКШнын президенти Барак Обаманын ДЕАШ менен күрөшүү боюнча атайын өкүлү Бретт Макгурктун, «ПКК террор уюму болуп саналат жана Түркия менен Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугуна карата коркунуч туудуруп жатат»,дегенин берген. Багдадда өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Макгурк, бул маселенин ИКБЙ менен борбордук өкмөттүн ортосунда чечилиши керектигин айтты. Атайын өкүл Макгурк, Мосул операциясы да белгиленген пландын алкагында уланганын жана илгерилөө катталганын, бирок бул операциянын кыйын боло турганын жана убакытты талап кылганын белгилеп кетти. Макгурк: «ДЕАШ, майда топттор абалында Кенркүк жана Рутбада болгону сыяктуу ар башка жерлерде террордук кыймылдарды кылууда. Бул сыяктуу кыймылдардын күчөй турганын да ойлоодобуз»,-деди.

Орусиянын кабар агенттиги Интерфакс: «Лавров Түрк агымынын экинчи түтүк жолунун узартылышына байланыштуу шарттарды жарыялады» аттуу маалыматында Орусия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Орусиянын «Түрк агымы» проектинин экинчи багытын жалгыз ЕБнен долбоор ишке аша турганына байланыштуу жазуу түрүндө кепилдик талап кылынган учурунда узартыла турганын билдиргенин маалымдаган. Европалык ишкерлер коомунун Москвада шейшемби күнү уюштурган жолугушуусуна катышкан Лавров: «Түштүк агымынын ийгиликсиздигинен кийин бул багыттын ЕБнин территориясына бир гана дилемма түшүнүгүн бербеген жазуу түрүндөгү кепилдик берилишинен кийин узартабыз» деди.Лавров айрыкча Орусия жана Түркиянын Түрк агымына байланыштуу эл аралык келишимге кол койгонун жана бул келишимдин жаратылыш газ түтүк жолунун Европа, өзгөчө Греция багытында курулуусун да көздөгөнүн эске салды.



Тектеш кабарлар