Дүйнөлүк басма сөз 12.10.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

588200
Дүйнөлүк басма сөз 12.10.2016

Италиянын Agenzia NOVA гезити «Түркия – Ирак... Эрдоган : «Премьер – министр Абади чегин билиши керек жана Мусул кыймылына катышабыз» деген макаласында  президент Р. Т. Эрдогандын Башика лагериндеги түрк куралуу күчтөрүнүн Ирактан кандайдыр бир буйрук албай тургандыгын белгилеп Ирактын премьер – министри Хайдар ел Абадини «чегин таанууга» чакыргандыгын жазган.  3 -  дүйнөлүк энергия конгресси өткөн Стамбулда кээ бир мусулман өлкөлөрдүн лидерлери менен өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөгөн Эрдоган : «Ирак Башика тууралуу бизге кээ бир талаптарды билдирди, эми болсо базаны таштап кетүүбүздү айтып жатат, бирок түрк армиясы Багдаттан буйрук ала турганчалык күчсүз эмес»,- деди. Түрк армиясынын Ирактын премьер – министринен буйрук албай турганын кайталаган Эрдоган айрыкча : «Түркия Жераблуста кылгандай Мусул операцияларына да катышат. Ирактын премьер – министри оболу өз чегин билиши керек»,- деп баса белгиледи.

Германиянын ДПА басма сөзү «Федералдык Германия армиясы Түркияда ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн миссиянын өлчөмүн кеңейтүүдө» деген макаласында федералдык Германиянын Түркиядагы немис аскерлеринин мөөнөтүнүн узартыларын жана кеңейтилерин жарыялады. Кабинет ДЕАШ менен күрөшүүдө орун алууну күткөн документ тууралуу текстке бүгүн шаршемби күнү чечим чыгарат. Тезкере боюнча немис аскерлеринин кошумча катары AWACS чалгындоо учактарынын да кызмат кылуусу күтүлүүдө. Федералдык Германия парламенти бул документти эң башта болгондой декабрь айында эмес, ноябрь айында  добушка суна алат. Германия азыр да 250 аскер жана алты Торнадо, бир танкер учагы менен Түркиянын аба базасы Инжирликтен Сирия менен Ирактагы ДЕАШ буталарына жасалган кол салууларга колдоо берүүдө.

Риа Новости «Орусия менен Түркиянын энергетика министрлери энергетика тармакатырндагы кызматташтыкка байланыштуу темаларды карап чыкты» деген макаласында Түркиянын энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Берат Албайрак менен дүйнөлүк энергия конрессинде  өткөргөн сүйлөшүүдөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген Орусиянын энергетика министри Александр Новак Орусия менен Түркиянын Түрк агымы жаратылыш газ түтүк жолу жана Аккую атомдук энергия станциясынын курулушу менен бирге нефть жана нефть продукцияларын өткөрүүнү күткөн өкмөттөр аралык келишимдин ишке ашуусун сүйлөшкөндүгүн билдирген. Новак : «Энергетика тууралуу кызматташтыкка байланыштуу темалар жана жаратылыш газ түтүк жолу базисинин курулушун күткөн өкмөттөр аралык келишим менен бирге Аккую атомдук энергия станциясынын курулушунун негизинде таштала турган кадамдарды сүйлөштүк»,- деди. Новактын айткандарына караганда айрыкча электр жана көмүр тууралуу кызматташтык, нефть жана нефть продукцияларынын өткөрүлүүсү сыяктуу темалар боюнча токтолушкан.



Тектеш кабарлар