Дүйнөлүк басма сөз 5.10.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалымат

583513
Дүйнөлүк басма сөз 5.10.2016

Германиянын ДПА агенттиги  «Европа Бирмидиги Түркиядагы качкындар үчүн төрт жүз алтымыш жети миллион евро каржады» деген маалыматында Европа Биримдиги Түркиядагы качкындардын муктаждыктарынын камсыз кылынышы үчүн бөлгөн жалпы үч миллиард евронун ушул кезге чейин төрт жүз алтымыш жети миллион евросун жумшагандыгын жазган. Брюселдеги Европа Бирмдиги комиссиясы тарабынан шейшемби күнү берилген маалыматта мунун ушул кезге чейин чечим чыгарылган отуз төрт так проекти үчүн бөлүнгөн бир миллиард эки жүз элүү эки миллион евронун бир бөлүгү экендиги белгиленди. Убада кылынган жалпы үч миллиард евро 2016 – 2017 –  жыл үчүн.

Англиянын Financial Times гезити «Пегасус аба жолдору: түрк туризми кайрадан жанданды» деген макаласында Түркиянын эң ири экономикалык каттамдарын аткарган аба жолу фирмаларынан Пегасус ФЕТӨнун  15 -  июлдагы ийгиликсиз козголоң кыймылынан кийин өлкө тышынан келген туристтердин өлкөгө болгон ишениминин жана аба жолдоруна болгон талаптын кайрадан жандангандыгын билдирген. Пегасустун баш директору Мехмет Нане президент Р. Т. Эрдогандын ийгиликсиз козголоң кыймылынан кийин таштаган бекем кадамдарынын туристтерге ишеним бергендигин жана эми өлкөнүн ырааттуу жана тынчтык ичинде экендигине ишенишкендерин айтты. Пегасустун жүргүнчү саны козголоң кыймылынан кийин 10 пайызга артты.

Испаниянын Europa Press кабар агенттиги “Түркиянын маселеси террор» деген макаласында премьер – министр Бинали Йылдырым террордон көптөгөн жылдардан бери кыйынчылык тарткандыгын белгилеп, Түркияда бир күрт маселесинин жок экендигин, күрттөрдүн террордук уюм ПКК менен террордук маселесинин бар экендигин айтты. Террор маселесинин бардык тармактарда өлкөгө тескери таасир тийгизгендигин баса белгилеген Йылдырым ПКК террорсттеринин коопсуздук күчтөрүн бутага албагандыгын ошол эле учурда Түштүк – Чыгыш Анадолу аймагынын өнүгүшү үчүн жүргүзүлгөн проектилерге да тоскоол болгондугун айтты. ПКК террористтеринин курулуштарга жасаган кол салууларын буга мисал катары көрсөткөн Йылдырым ПКК террористтеринин максатынын аймактын өнүгүшүнө зыян берүү жана өнүгүүгө тоскоол болуу экендигин айтты.

Германиянын ДПА басма сөз органы «Немис делегациясы түрк депутаттарын Берлинге чакырууда» деген маалыматында жети немис депутаттын түрк депутаттары менен Анкарада жолугушуусунан кийин эки тарап да диалогду улантууну каалагандыгын жазган. Немис делегациясынын жетекчилигин аткарган Карл Ламерс шейшемби күнү Анкарада журналисттерге : «Бул үчүн түрк коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү Берлинге чакырылды»,- деди. Эки тараптын да сүйлөшүүлөрдү улантууну каалагандыгы белгиленди. Бул үчүн бир күн белгиленген жок. Ламерстин оюу боюнча жолугушуу абдан жакшы атмосферада өттү.



Тектеш кабарлар