Дүйнөлүк басма сөз 28.09.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

578812
Дүйнөлүк басма сөз 28.09.2016

Германия   басма сөзү  DW : «Жонсондон Түркия менен соода келишими» деген маалыматында кызматка келгенден бери биринчи жолу Түркияга сапар менен келген Англиянын тышкы иштер министри Жонсон премьер – министр Бинали Йылдырым, түрк кесиптеши Чавушоглу жана президент Эрдоган менен жолугушкандыгын жазган. Жонсон соода кабарларын берди. Премьер – министр Бинали Йылдырым Англиянын тышкы иштер министри Борис Жонсонду Чанкая сарайында кабыл алды. Йылдырым жолугушуудан кийин берген маалыматында Англиянын Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин көрсөткөн күчтүү тилектештигин колдогондугун билдирди. «Европа Биримдигинен чыгып жатабыз, Европадан эмес»,- деген тышкы иштер министри Жонсон болсо : «Бириккен Королдук менен Түркиянын ортосунда абдан чоң соода келишими аркылуу келишимдин түзүлүшүн ойлоп жатабыз»,- деди.

Орусиянын РИА новости гезити : «Медведев Түркиянын премьер – министри менен телефон аркылуу сүйлөштү» деген маалыматында Орусия федерациясы өкмөтүнүн басма сөз кызматы Орусия федерациясынын премьер – министри Дмитрий Медведевдин Түркиянын премьер – министри Бинали Йылдырым менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Түрк агымы жаратылыш газ түтүк жолунун курулушу жана Аккуюу атомдук энергия станциясы, соода жана экономикалык кызматташтык тууралуу темаларды сүйлөшкөндүгүн билдирди. Бул тууралуу маалыматта айрыкча эки өлкөнүн премьер – министри өткөрө турган эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн программаларына токтолушкандары белгиленди. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө түрк кесиптеши Мамлекеттик дума шайлоосунун ийгиликтүү аяктоосу жана шайлоодо Бирдиктүү Орусия партиясынын жеңип чыгуусу менен Медведевди куттуктады. Йылдырым башкарган өкмөттүн орус – түрк карым – катнаштарынын өнүгүшү тууралуу сөз кылышкандарын баса белгиледи.

Азербайжан кабар агенттиги АПА «Азербайжандын  президенти түрк министрлерди кабыл алды» деген макаласында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркия улуттук коргоо министри Фикри Ышык менен маданият жана туризм министри Наби Авжынын жетекчилигиндеги делегацияны кабыл алгандыгын жазган. АПАнын берген кабарына караганда сүйлөшүүдө Азербайжан менен Түркиянын ортосунда коргонуу, аскердик жана аскердик - техникалык кызматташтык тармактарындагы карым – катнаштардын ийгиликтүү өнүккөндүгү баса белгиленди, айрыкча Азербайжан эл аралык коргонуу жарманкеси ADEX-2016нын маанисине токтолушту. Өлкөлөрдүн арасында маданий жана туризм тамактарындагы карым – катнаштардын да ийгиликтүү өнүккөндүгү белгиленген сүйлөшүүдө кызматташтыктын дагы да өнүктүрүлүшү үчүн абдан чоң потенциалдын бар экендиги баса белгиленди.

Катар басма сөз мекемеси Аль Жазира «Түркиянын оскар талапкери белгилүү болду» деген маалыматында режиссерлугун Мустафа Кара аткарган «Каландар суугу» аттуу кинонун Түркиянын оскар талапкери катары тандалгандыгын жазган. Көркөм өнөр боюнча иш – чаралар комиссиясынан  берилген маалыматка караганда маданият жана туризм министрлиги менен кино тармагындагы кесиптик уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган 17 кишилик тандоочу кеңеш Америкада  өтө турган 89 – Академия сыйлыктарында эң мыкты чет элдик кино тармагында Түркия талапкерин белгиледи. Кайрылган 9 фильм каралган кеңеште Мустафа Каранын «Каландар суугу киносу оскар талапкери болду. Мустафа Кара Билал Серт менен бирдикте сценарийин жазган кино адам – жаратылыш байланышын арткы фондго алып жеке күрөштү тема кылып алган.



Тектеш кабарлар