Дүйнөлүк басма сөз 17.08.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

553965
Дүйнөлүк басма сөз 17.08.2016

АКШнын "Америка үнү" радиосу «Чавушоглу жана Керри телефон аркылуу сүйлөштү» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирген. АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Марк Тонер күнүмдүк басма сөз брифингинде берген маалыматында эки министрдин сүйлөшүүдө  эки тараптуу жана аймактык темаларды карап чыгышкандарын билдирди. Сириядагы абалдар тууралуу кенен маалымат алышкандарын билдирген Тонер Фетуллахчы террордук уюмдун лидери Фетуллах Гүленди тапшыруу процессинин да күн тартибине келгендигин белгиледи. Түрк дипломатиялык булактар да сүйлөшүүдө Фетуллах Гүленди тапшыруу процесси, АКШнын вице – президенти Жо Байдендин жакында Түркияга келерин,  Менбия менен Халептеги жана Сириядагы акыркы абал тууралуу пикир алышууларда болгондугун маалымдады.

АКШ кабар агенттиги АП «Түркия Грецияга качкан 8 аскердин тапшырылышын суранды» деген маалыматында Түркиянын расмий кабар агенттиги Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин Түркиядан Грецияга качкан 8 түрк аскеринин тапшырылышын талап кылынганыдыгын билдирди. Анадолу агенттиги адилеттик министрлиги тарабынан даярдалып Грецияга жиберилген досье менен аскерлердин «Күч колдонуу менен конституцияны бузуу», «Президентке кол салуу», «Мыйзам чыгаруу органына жана өкмөткө каршы кылмыш» деген негиз менен тапшырылышын талап кылгандыгын жарыялады.

Катар басма сөзү «Аль Жазира»  «Абдан ырахаттануу менен Түркияга келемин» деген маалыматында 2016 EXPO Антальяда 9 -  сентябрь жума күнү концерт бере туган дүйнөгө белгилүү ырчы Сир Элтон Жондун кат жибергендигин жазган. EXPO 2016 Анталья агенттигине жиберген катта Түркияда болгон окуялардын демократия жана эркиндик чөйрөсүн бузууга карата экендигин баса белгилеген Жон : «Түркиядагы EXPO 2016 Анталья концертимди  абдан ырахаттануу менен өткөрөм»,- деди.

Англиянын басма сөзү БиБиСи «РИО 2016: Түркиянын үчүнчү медалын күрөш тармагында жарышкан Женк Илдем алды» деген маалыматында Рио 2016 олимпиада оюндарында күрөш тармагында Түркиянын атынан катышкан Женк Илдем коло медалга жетишкендигин жазган.  Риодо Түркияга биринчи күмүш медалды штангачы Данияр Исмаилов, экинчи күмүш медалды да күрөшчү Рыза Алпкая алып берди.



Тектеш кабарлар