Дүйнөлүк басма сөз 10.08.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

549036
Дүйнөлүк басма сөз 10.08.2016

Франциянын кабар агенттиги АФП : «Путин жана Эрдоган жолугушту» деген макаласында В. Путин менен Р. Т. Эрдоган бүгүн көптөгөн айлардан берки кризистен кийин биринчи жолугушууда Москва менен Анкаранын ортосундагы карым – катнаштардын оңолушу керектигин жакташкандарын билдирген. Путин өткөрүлгөн пресс – жыйында  : «Өлкөбүз эки тараптуу карым – катнаштарды жаңыдан толугу менен курулушу үчүн керектүү бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ»,- деди. Путин : «Алдыңкылык карым - катнаштарды кайрадан кризистен мурунку деңгээлге алып келүү»,- деди. Эрдоган болсо : «Карым – катнаштарыбызды учак кризисинен мурунку деңгээлге ал түгүл андан да жакшы абалга алып бара алабыз: эки тарап да бул үчүн чекиндүү жана керектүү эркке ээ»,- деди.

АКШ басма сөзү БиБиСи : «Челик террор менен күрөш мыйзамдарында кыска мөөнөттө өзгөрүү болбойт» деген маалыматында Европа Биримдиги министри Өмер Челик Европа Биримдигинин түрк жарандарына виза эркиндигин алып келсе да Түркиядан каалаган террор менен күрөшүү мыйзамындагы өзгөртүүлөрдүн кыска убакыттын ичинде болбой тургандыгын белгиледи. БиБиСи : «Министр Челик Түркиянын террор менен күрөшүү мыйзамдарын европалык өнөктөштөрү менен талкуулаганга ачык экендигин жана узун мөөнөттө реформаларды аткарууга убада бере аларын белгиледи. Муну менен бирге кыска убакытта муну аткаруунун мүмкүн эмес экендигин айтты. Челик  Түркиянын террордук бир уюмдун козголоң кыймылын өткөргөндүгүн айтты жана буларды кошумчалады : «Кол салган ПКК, ДЕАШ жана башка топтор бар. Ошондуктан азыркы учурда терроризм тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү туура болбойт»,- дегендигин жазган.

Германиянын «DEUTSCHE WELLE» гезити «Штайнмайер Түркияны сынга алууда аша чаппоо керек» деген макаласында  Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер Түркияны сынга алууда аша чаппоо керектигин айтканын билдирген. Штайнмайер «Билд» гезитине берген интервьюсунда  Түркияда козголоң кыймылын кылгандардын калкка жана Түркия Парламентине карата жырткычча кол салгандыгын эске салды жана Анкаранын азыркы мамилесине карата сындар айтылып жактанда буга көңүл буруу кереткигин айтты. Германиянын тышкы иштер министри  интервьюсунда Түркиянын Европа Биримдиги менен түзүлгөн качкындар келишиминин негизинде талап кылган жарандарына визасыз саякат мүмкүнчүлүгүнүн берилиши талабына да токтолду. Штайнмайер виза эркиндиги керектүү шарттар орундатылганда гана бериле аларын» билдирди.

Орус «Спутник» интернет сайты «Түркия Рио олимпиадаларында биринчи медалын алды» деген маалыматында Бразилияда өткөрүлгөн 2016 Рио олимпиада оюндарында улуттук штангачы Данияр Исмаилов эркектерде 69 килограммда  күмүш медаль алгандыгын билдирген. Ушундайча Түркия олимпиада оюндарындагы биринчи медалын алган болду. Риосентрда өткөрүлгөн жарыштарда эркектерде 69 килогарммада жарышкан Данияр Исмаилов, жулкуп көтөрүүдө биринчиде 156, экинчисинде 160, үчүнчүсүндө 163 килограммды көтөрдү. Исмаилов  силкип көтөрүүнүн биринчисинде 181, экинчисинде 185, үчүнчүсүндө 188 килогарммды көтөрдү. Жалпы 351 килограмм көтөргөн 24 жаштагы улуттук спортсмен күмүш медалга жетишти. Ушундайча Түркия Рио олимпиада оюндарындагы биринчи медалын алган болду.



Тектеш кабарлар