Дүйнөлүк басма сөз 3.08.2016

Дүйнөлүк басма өздө Түркия тууралуу маалыматтар

543943
Дүйнөлүк басма сөз 3.08.2016

Европа басма сөз мекемеси EURO NEWS «Эрдоган : тилекке каршы Батыш террорго колдоо берүүдө» деген макаласында президент Р. Т. Эрдоган Фетуллахчы террордук уюмдун параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылына байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө «Актерлору ичкериде, сценарийи тышта жазылган бир кыймыл эле»,- деп дагы бир жолу батыштыктарды белгилеп буларды айтты : «Биз кандай стратегиялык өнөктөшпүз?Мен сиздерден өлкөмүн атынан Улуттук Коопсуздук Стратегиялык Документине кирген кишини сурап жатам жана сиздер ал кишини өлкөңүздөрдө кармап турууну улантуудасыздар. Батыш бул жерде террорго колдоо берип жатабы же бербей жатабы? Батыш демократиясынын жанындабы же козголоңдордун жанындабы? Тилекке каршы Батыш террорго жардам берип жана козголоңдордун жанында орун алууда»,- дегенин билдирген.

Азербайжандын Trend new agency агенттиги «Таха Өзхан Фетуллах Гүлендин тапшырылышы Түрк – Америка карым – катнаштарына таасирин тийгизбеши керек» деген макаласында Түркия Парламентинин тышкы комссиясынын мүчөлөрүнөн турган делегация Фетуллахчы террордук уюмдун паралель мамлекеттик түзүмүнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылы жана андан кийин Түркияда болуп жаткан абалдардан сөз кылуу үчүн барган АКШда адилеттик жана тышкы иштер министрликтеринде сүйлөшүүлөрдү өткөргөндүгүн жазган. Комиссиянын төрагасы Таха Өзхан сүйлөшүүлөрдө кесиптештери менен ФЕТӨнүн козголоң кыймылы жана андан кийинки болгондор менен бирге уюмдун лидери Фетуллах Гүлендин тапшырылышынын колго алынгандыгын айтты. АКШ тарабынын Түркия менен кызматташтыкка ачык экендери так түрдө  айтылгандыгын белгилеген Өзхан Фетуллах Гүлендин тапшырылышынын Түрк  - Америка карым – катнаштарына тескери таасирин тийгизбеши керектигин ачыкча баса белгилегендигин сөздөрүнө кошту.

Борбору Катар болгон Аль Жазира «Европа Эрдоганды жакта» деген макаласында Швециянын мурунку премьер – министри Карл Билддин Европа өлкөлөрүнүн Түркиядагы козголоң кыймылына үнсүз калуусун сынга алгандыгын жазган. Билд : «Европа Эрдоганды жакта» деген темада жазган макаласында «Европа өзгөчө  козголоңдун өзү менен байланыштуу жактарын карап чыкпаса ахлактык кадыр - баркын жоготуу менен бетме – бет келет»,- деди.

Иран мамлеттик агенттиги ИРНА «Мехмет Доган: Ирандын Түркиядагы окуялар тууралуу мамилеси мактоого ылайык» деген макаласында Түркиянын Мешхет консулу Мехмет Доган Ирандын Түркияда акыркы абал тууралуу мамилелеринин мактоого ылайык экендигин айтты. Ирандын Түркиянын досу катары бул окуяларда Түркия мамлекети жана улутунун жанында орун алгандыгын белгилеген Доган : «Эмбарголорго карабастан Түркия Ирандын жанында орун алды жана бүгүн Иран Түркия маселелеринде биздин жаныбызда жана бул эки калк менен мамлекеттин достугунун көрсөткүчү»,- деди.



Тектеш кабарлар