Дүйнөлүк басма сөз 27.07.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

538572
Дүйнөлүк басма сөз 27.07.2016

Англиянын басма сөз мекемеси БиБиСи «Йылдырым АКШнын террордук уюмдун лидеринин жанында болоруна ишенбейм» деген кабарында англисGuardian гезитине интервью берген премьер – министр Бинали Йылдырымдын козголоң кыймылы жана Түркия – АКШ карым – катнаштарына баа бергендигин билдирген. «Түркия менен АКШ тектүү достук карым – катнаштарга ээ. Союздаш жана стратегиялык өнөктөш болгон»,- деген Йылдырым Фетуллах Гүленди «террордук уюмдун лидери» деп мүнөздөдү. Йылдырым : «АКШнын террордук уюмдун лидеринин жанында болоруна ишенбеймин»,- деди. Премьер – министр Йылдырым козголоң кыймылынан кийин кармалган шектүү кишилердин айткандарынын Гүлендин козголоң кыймылына түздөн түз кийлигишкендигин көрсөткөндүгүн билдирди.

Иран кабар агенттиги Фарс : «Фетуллах Гүлен Түркияны жок кылууга аракет кылды» деген кабарында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын  төрага орун басары Мехди Экер Фетуллах Гүлендин тапшырылышы тууралуу Түркиянын чечкиндүү экендигин айтып : «Түркияны жок кылууга аракет кылган, мындай кандуу козголоңдорду  пландаган, 246 жарандын шейит болушуна жол ачкан террордук уюм, миңдеген жаралуу киши бар. Түркиянын жүрөгүнө канжар  батырууга аракет кылган уюмдун мүчөлөрү,  сөзсүз түрдө түрк адилетине эсеп берет. Албетте уюмдун лидери Фетуллах Гүлендин да Түркияга тапшырылышы керек. Бул Түркия менен АКШнын арасындагы келишимдердин негизи»,- дегенин маалымдаган. Экер Фетуллах Гүлендин Түркияга тапшырылышы тууралуу АКШдагы мекемелерге расмий кайрылуу үчүн досьелердин тапшырылгандыгын айтты.

Орус кабар агенттиги Риа Новости «Орусия менен Түркиянын энергетика министрлери Түрк агымы иш алып баруу группасын түзөт» деген маалыматында орус энергетика фирмасы Газпромдун төрага орун басары Александр Медведев журналисттерге берген маалыматында Орусия жана Түркиянын энергетика министрлеринин Түрк агымынын ишке ашуусуна байланыштуу иш алып баруу группасын курушарын, айрыкча Түркиянын экономика министри Нихат Зейбекчинин Орусия энергетика министри Александр Новак менен жолугушуусунда учурдагы проектилердин ишке ашуусу менен иштеп жатышкандарын айтканын билдирди.

Газпромдун төрага орун басары Александр Медведев : «Түркиянын экономика министри Нихат Зейбекчи Түрк агымы жаратылыш газ проектиси менен иштеп жатышкандарын жеке өзү билдирди. Түрк агымы проектисинин ишке ашыруулуусуна кайра кайтуу үчүн Орусия менен Түркиянын энергетика министрликтеринин негизинде иш алып баруу группасы түзүлөт»,- деди.

Англиянын кабар агенттиги Ройтерс «Түркия улантылып жаткан Кипр тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдоп жатып кипрдик румдарды эскертти» деген маалыматында Түркиянын премьер – министри Бинали Йылдырым бүгүн Түркиянын Кипр тууралуу БУУнун жол башчылыгындагы кайрадан биригүү сүйлөшүүлөрүн колдогондугун, бирок бул сүйлөшүү турун кипрдик румдардын келишүүсү үчүн акыркы мүмкүнчүлүк катары көргөндүгүн айтканын билдирген. Йылдырым  кипрдик түрк премьер – министр Хүсейин Өзгүргүн менен өткөргөн пресс – жыйында : «Тынчтык сүйлөшүүлөрү улантылууда. Улантыла берсин. Кипр түрк тарабы болгон ишеничи менен кыймыл кылууда»,- деди.

 



Тектеш кабарлар