Дүйнөлүк басма сөз 29.06.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

520811
Дүйнөлүк басма сөз 29.06.2016

Катардын Аль Жазира теле көрсөтүүсү «Эрдоган: эл аралык жамаат террордук уюмдардын пландарына каршы чечкиндүүлүктү көрсөттү» деген маалыматында Түркия республикасынын президенти Р. Т. Эрдоган Стамбулда болгон террордук кол салууну айыптаганын билдирди. Эрдоган сөзү болгон кол салуулар үчүн : «Күнөөсүз кишилердин каны менен Түркияга каршы эл аралык бир үгүт жүргүзүүнү каалап жатышат»,- деди. Айрыкча бүткүл дүйнө өлкөлөрүнөн «террордук уюмдардын пландарына» каршы чечкиндүүлүктү көрсөтүүнү талап кылган Эрдоган Түркиянын террордук уюмдардын иштерине бөгөт болуу үчүн жетерлик мүмкүнчүлүк жана күчкө оор жоготууларга карбастан жетишкендигин  белгиледи. Түркиянын президенти эл аралык жамаат террор менен күрөшүү тууралуу тилектештик ичинде болбосо террордук кыймылдардын дүйнөлүк машстабда жайылышы мүмкүн экендиги боюнча эскертти.

Франциянын АФП кабар агенттиги «Стамбул... түрк премьер – министр аэропорттогу кол салууда 36 киши каза болду.. издер ДЕАШты көрсөтүүдө» деген маалыматында Бинали Йылдырым окуя болгон жерде басма сөзгө берген маалыматта : «Акыркы маалыматтарга караганда 36 киши каза болду»,- дегенин  жана издердин ДЕАШты көрсөткөндүгүн айтканын билдирген. Премьер – министр көп сандаган жаралуунун бар экендигин да белгиледи, бирок так сан берген жок.

Германиянын кабар агенттиги ДПА «Меркель Стамбулдагы кол салуудан кийин көңүл айтты» деген маалыматында Германиянын канцлери Ангела Меркель Стамбул Ататүрк аэропортунда каза болгондор үчүн көңүл айтты. Меркель  : «Бул жерден түрк калкына террорго каршы согушта биримдик ичинде экендигибизди жана бир бирибизге колдоо көрсөтөрүбүздү билдиргим келет»,- деди. Немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер да : «Кол салуулар тууралуу арткы план азырынча белгисиз, бирок бардык белгилер дагы бир жолу түрк метрополуна  террористтердин кол салгандыгын көрсөтүүдө. Түркиянын жанындабыз»,- деди.

Ирандын Мехр кабар агенттиги «Зариф : терроризм эл аралык коркутуу» деген макаласында Ирандын тышкы иштер министри Ататүк аэропортунда кечээ кечинде жасалган кол салууну айыптап терроризмдин эл аралык  коркунуч экендигин жана муну менен бирге баарынын күрөшүүсү керектигин айтты. Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мухаммет Жеват Зариф Стамбулдагы аэропортко карата террордук кол салууга каршы чыкты жана муну «террордун жаман жүзү» деп мүнөздөдү. Зариф өзүнүн Twitter эсебинен буларды жазды : “Террордун жаман жүзү дос жана коңшу өлкөнүн  аэропортунда дагы бир жолу өзүн көрсөттү. Муну менен баары күрөшүүсү керек». Түрк полициясынын айтымында алгачкы далилдер жарылуунун артында Ирак – Дамаск Ислам Мамлекети ИШИМдин бар экендиги ыктымалын белгилеп жатышат.



Тектеш кабарлар