Дүйнөлүк басма сөз 9.06.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

507126
Дүйнөлүк басма сөз 9.06.2016

Түрк – Америка кабар порталы TURKİSHNY: «Түркияны террор менен багыттай тургандыгын ойлогондор пайдасыз аракет кылышууда» деген макаласында президенттик комплексинде  шейиттердин жакындары жана ардагерлер менен өткөн ифтар программасында сөз сүйлөгөн президент Р. Т. Эрдоган : «Түркияны террордук уюмдардын арачылыгы менен террордук кыймылдар менен террористтер менен  каалагандай багыттай ала тургандыгын ойлогондор пайдасыз аракет кылышууда. Биз үчүн шейиттик мартабалардын эң  улуусу»,- деди.

Иран кабар агенттиги ИРНА : «Иран элчиси Түркия республикасынын тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси менен жолугушту» деген маалыматында Иран ислам республикасынын Анкара элчиси Ибрахим Тахериан Түркия республикасынын тышкы иштер министрлигинин катчысы Феридун Синирлиоглу менен кызмат орундугунда жолугушту.  Жолугушууда тараптар кызыккан эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маанилүү темаларды карап чыгып пикир алышууларда болушту. Иран ислам республикасынын Анкара элчиси жолугушууда  Рамазан айынын экинчи күнүндө бүгүн эрте менен Стамбулда болгон жардырууга токтолду. Рамазан айынын башталышында күнөөсүз кишилердин каза болушуна жана жаралануусуна жол ачкан адамзаттык тышы окуянын ишке ашуусунан санааркашкандарын айткан Ирандын Анкара элчиси окуядан улам кайгысын Түркия республикасы жана калкы, өзгөчө да окуяда курман болгондордун үй – бүлөлөрү менен бөлүшөбүз деди.

Катар басма сөз органы Аль Жазира «Путин : Түрк Агымынан баш тарткан жокпуз» деген маалыматында Түркия – Израиль  сүйлөшүүлөрүн колдошкондорун белгилеген Орусиянын президенти В. Путин «Түрк агымы» жана «Түштүк агым» проектилеринен баш тартышпагандарын айтты.  «Кара деңиздин түбүнөн келе турган жаратылыш газ түтүк жолдору тууралуу Түркия менен саясий жактан маселелерди жашап жатабыз»,- деген Путин «Түрк агымы» жана «Түштүк агымы» проектилеринен баш тартышпагандарын айтты. Орус лидер эки проекти тууралуу да акыркы чечимди чыгаруу үчүн Европа комиссиясынын позициясын ачык түрдө билүүлөрү керектигин белгиледи. Путин Түркия – Израиль  карым – катнаштарынын нормалдашуусу үчүн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө да колдоо бергенин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн аймактын кан басымынын түшүшүнө салым кошорун айтты.

Кытай кабар агенттиги CRİ ONLİNE İNTERNET «Duanwu майрамы Түркияда да майрамдалды» деген маалыматында Кытайда 9 -  июнь күнү Duanwu майрамы  майрамдаларын жазган. Кытайлыктар майрам кубанычы ичинде. Бул кубанычты Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин Конфуций  институтунун  студенттери да бөлүшүүдө. Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин студенттери 1 -  июнда иш чара өткөрүп, университеттеги башка студенттер, Кытай фирмаларынан өкүлдөр, Анкарада билим алган кытайлык студенттер да болуу менен 300 киши менен бирге Duanwu майрамын майрамдашты. Кытай элчиси  Ю. Хуняндын жубайы  Чжао Меимеи  иш чарада сүйлөгөн сөзүндө терең маданий тажрыйбага ээ Кытай менен Түркиянын ортосунда маданий байланыштардын бекемделишин каалашкандарын айтты.  Конфуций институтунун төрагасы Яха Кырач кытай тили жана маданиятынын дүйнөдө барган сайын дагы көп кызыгуу көргөндүгүн, кытайча үйрөнүү жана Кытай маданиятын таанууну каалаган түрктөрдүн санынын көбөйгөнүн эске салып, иш чара менен түрк жарандарына Duanwu майрамы жана салттык Кытай маданиятын таанытууну каалашкандарын айтты. Иш чарада Кытай ырлары окулуп, салттык Кытай бийи жана дефилье көрсөтүлдү, Кытай каллиграфия өнөрү таанытылды.



Тектеш кабарлар