Дүйнөлүк басма сөз-23.03.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу берилген маалыматтар.

456935
Дүйнөлүк басма сөз-23.03.2016

Иран, расмий маалымат агенттиги ИРНА: «ДЕАШ орток коркунуч болуп эсептелет» аттуу маалыматында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Түркия менен Ирандын ортосундагы карым-катнатардын өнүктүрүлүшү, жалгыз эле эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, ошол эле убакта аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүүсүнө чоң салым боло турганын айтканын жазган. Эрдоган: «Батыш, Ислам дүйнөсүнүн күчтөн тайышын каалайт жана Түркия менен Ирандын, аймакта уланып жаткан маселелердин чечилишине карата милдеттери оор»,-деди. ДЕАШтын Түркия жана аймак үчүн орток коркунуч болгонун баса белгилеген Эрдоган, «Аймактагы бардык кризистердин чечилишинде Иран менен сүйлөшүү биз үчүн маанилүү»,-деди.

Орусия, расмий маалымат агенттиги Риа Новости: «Эрдоган БУУнун коопсуздук кеңешине чакырык салды» аттуу маалыматында Пезидент Режеп Таййип Эрдоган БУУнун коопсуздук кеңешинин мүчө санын 20 өлкөгө жеткирүү жана туруктуу мүчөлүктөрдү жоюу аркылуу Коопсуздук кеңешине роформа жасоо чакырыгын салганын маалымдаган. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусия, Англия, Франция, АКШ жана Кытай орун алганын баса белгилеген Эрдоган: «Ал жерде Африканын, Түштүк Американын өкүлдөрү да жок. Бул бештиктин ичинде эч бир мусулман өлкө да жок жана Буддисттердин өкүлү да жок. БУУнун Коопсуздук кеңешинде 196 өлкө кезеги менен өкүлдүк кылынышы керек»,-деди.

Франция АФП: «Европа Биримдигинин чынчылдыгы, урмат сыйы кайда?» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган дагы бир жолу ЕБнин террор уюму ПКК менен күрөшүүдөгү чынчылдыгынан шектенгенин сөз кылганын жазган. Эрдоган Брюсселде террор уюму ПККнын бир чатыр куруп чүпөрөгүн илип алышына Бельгия өкмөтүнүн көрмөксөнгө салышына каршы чыкты. Эрдоган: «ПККны террорист катары кабыл алган ЕБнин кантип мындай нерсеге жагымдуу карай алат? Чынчылдык, урмат-сый кайда? Бул эки жүздүүлүк»-деди.

Өзбекстан, берүү органы Калампир: «Орусия, Түркиянын душманы эмес» деген маалыматында Стамбулда болгон Орто Азия форумунун ачылышында сөз сүйлөгөн Түркиянын вице-премьер министри Мехмет Шимшектин Орусия менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарда болгон кризистин Орто Азия өлкөлөрүнө таасир тийгизбеши керектигин айтканын баяндаган. Шимшек: «Биз Орусияны душман катары караган жерибиз жок. Орусия кошунабыз жана достой коңшулук карым-катнашыбыз уланышын каалайбыз»,-деди. 17-февраль күнү Түркиянын борбор калаасы Анкарада болгон терактта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көп сандаган өлкө менен бирге Орусия дагы көңүл айтуусун билдирген.

Германия, Дойче Велле медиа мекемеси: «ЕБ Түркияга муктаж» деген маалыматында Дойче Велленин редактору Бернд Риегерттин ЕБнин баш калкалоочулардын жолун тосуп салуусу мактанса боло турган ийгилик эместигин жактаганын маалымдаган. Түркия менен ЕБнин ортосунда баш калкалоочулар темасында жетишилген келишимге сереп салган Риегертке караганда, ЕБ кризисти чече албагандыгы үчүн Түркия менен келишим түздү. Качкын жана көчмөндөрдүн акыбети ойлонулган жок. Риегерт: «Европалык лидерлер аесуз эсептерин «адамкерчилик» этикеткасы менен сатууга аракет кылышууда. Буга түздөн-түз эки жүздүүлүк деп айталт»,-деди.

АКШ, Американын үнү радиосу интернет барагы: «Баш калкалоочуларга мажбур түрдө артка кайтаруу кризиси босогодо» деген маалыматында Брюсселде 18-мартта Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда баш калкалоочулар маселесине байланыштуу макулдашууга жетишилген 9 беренелик макулдашуу текстинин алкагында жүргүзүлө турган процесске байланыштуу Түркия жана Грециянын ортосунда эки тараптуу меморандум түзүлөөрүн белгилеген. Мунун, келишим мүнөзүндө эл аралык укук жагынан мыйзамдуу бир текст болбой турганы байкалды. Ошондуктан мыйзамдуу баш паанек укугу күн тартиптеги ордун коргоодо. Эки тараптуу же көп улуттуу кандайдыр бир келишим боолбостон Грецияга жеткен баш калкалоочулар жагынан ЕБ мүчөсү болбогон Түркияга кайтарылган учурунда укуктук жактан каршы чыгуу укугу боло турганы көрүнүүдө.



Тектеш кабарлар