Дүйнөлүк басма сөз-9.03.2016

Дүйнөдө Түркия тууралуу чыккан маалыматтардын топтому.

447616
Дүйнөлүк басма сөз-9.03.2016

Катар «Аль-Жазира ТВ»: Премьер-министр Ахмет Давутоглу Түркиянын баш калкалоочу кризисинин чечилишине карай жаңы сунуштары менен көпкө созулган жыйналыштын акырында «принцип жагынан макулдашуу» чыккан Европа Биримдиги саммити өткөн Брюсселден кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди. Европа Биримдигинин лидерлери 17-18-мартта Түркиянын сунуштарын кеңири сүйлөшөт жана акыркы чечимди чыгарат. Ал эми мунун алдында өкмөт башчы Давутоглу, сүйлөшүүлөр тууралуу кеңири маалыматты берди. Давутоглу ЕБнен 3 миллиард евролук кошумча жардам менен жалпы 6 миллиард евро сунуш боюнча катуу соодалашуу жүргүзгөндөрүн түшүндүрдү. Түркиянын сунуштарынан бири да Европага визасыз саякаттын октябрь айынан июнь айына алдыга жылдырылышы болду. Ал эми түркия бул үчүн учурдагы 72 шарттан 19ун орундаткан абалда жана калган 53 шарттын камсыздала алышы үчүн 9 мыйзамдын Түркия Улуу Улуттук Жыйынынан өтүшү керек. Өкмөт башчы Давутоглу ушул жагынан оппозицияга чакырык салды жана 1-майга чейин бул мыйзамдардын чыгарыла алышы үчүн оппозициядан колдоо талап кылды.

АКШ, Turkish American News: АКШнын Коргоо министрлигинин катчысы Питер Кук, Сириянын түндүк батышында террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ менен Орусиянын кызматташуусунун, ДЕАШ менен күрөшүүдө аянттагы күчтөргө зыян тийгизген учурунда буга санааркабай койбой тургандарын белгиледи. Пентагондо маалымат жыйын уюштурган Куктан АКШнын борбордук күчтөр (CENTCOM) командири Ллойд Остин Сирияда ЙПГ менен орустардын кызматташканын байкагандары жөнүндө ачыктоолорун сурады. Кук, «Орустар менен кызматташуу аянтта ДЕАШ менен күрөшкөн күчтөргө зыян тийгизип жатса буга санааркабай койбойбуз»,-деп жооп берди.

Орусия Спутник агенттиги: АКШнын Казына министрлиги, Уганда жана Борбордук Африка Республикаларында ишин жүргүзгөн Теңирдин Туруштук армиясы (LRA) жана лидери Жосеф Кониге каршы санкция киргизүү токтомун чыгарды. LRA жана лидери Кони, АКШнын мамлекеттик департаментинин террор уюмдарынын тизмесинде орун алган болчу. Конинин башкаруусунда 1987-жылы «Он буйрукка караштуу» тартип куруу максаты менен курулган Теңирдин турушктук армиясынын Борбордук Африка Республикасы, Судан, Демократиялык Конго Республикасы жана Угандада кол салуулар уланып жатат. Орто эсеп менен 1,5 миллион адамдын үйлөрүн таштап кетишине себепчи болгон уюмдун, 20 миңдей баланы да уурдап аскер же кул катары колдонгону белгилүү.

Кытай радиосу CRI : Грециянын мамлекеттик кеңеши, Пире портунун иштетилишине байланыштуу акцияларынын 67 пайызынын COSCOго сатылуусун бекитти. Ушуну менен Греция, эң чоң порту Пирени менчиктештирүү темасында дагы бир кадам таштады. Бул чечим Грециянын Конкуренциялык комиссиясынын бекитүүсүнө сунушталды. Андан кийин эки өлкөнүн ортосунда келишимге кол коюлат жана бул келишим Греция парламентинин бекитүүсүнө сунушталат. Бардык процедуралардын 5 айдын ичинде бүтүрүлүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар