Дүйнөлүк басма сөз 2. 03.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

443004
Дүйнөлүк басма сөз 2. 03.2016

Англис Guardian гезити Эл аралык кризис тобунун төрагасы Жан-Мари Генно Түркия жана Жакынкы Чыгыштагы абалдарга байланыштуу макала жарыялаганын жазган. «Сирияны куткаруу үчүн Түркияны каржабагыла» деген макалада Анкарада аскердик турак жайды бутага алган жана 28 киши каза болгон жан кечтилик кол салуу да эске салынып : «Түркия көп тараптуу кризиске жетеленүүдө. Батыштагы достору кийлигишүүсү керек»,- деп айтылган. Эл аралык Кризис тобунун төрагасы Генно Түркиянын маселелерге карабастан экономикасынын азыр да күчтүү экенин, Европада акыркы беш жылда эң жакшы аба жолу болуп тандалган Түрк аба жолдорунун ийгилиги тууралуу Стамбул аэропортунун кыймылдуу экенин жазган жана түрк мамлекетинин тарых да көрсөткөндөй жерин эч бир күчкө таштабай турганын айткан.

Француз «Le Monde» гезити Франциянын түндүгүндөгү Калаис шаарындагы качкындар лагерин бошотуу учурунда окуялардын чыкканын жазган. Бир группа качкын «Jungle» деп аталган качкындар лагеринин бошотулуусуна каршы чыгуу менен митинг өткөргөн. Коопсуздук үчтөрү шосседеги унааларды да токтотууга аракет кылган митингчилерге кийлигишкен жана кагылышуу чыккан. Кечээ чыккан окуялар боюнча лагердин бошотулуусу токтотулду. Англияга баруу үчүн көптөгөн айлардан бери бул жердеги лагерде күтүп жактан качкындардын контейнерлерге жана Франциянын ар башка жерлериндеги баш калкалоочу борборлоруна жайгаштыруу улантылат.

Немис DW гезити немис биринчи каналы АРД тарабынан жүргүзүлгөн анкетага караганда немистердин 83 пайызы качкындарга карата зомбулук болгон митингдерден уялганын билдирген. Сентябрь айында ушул эле суроого бул жоопту бергендердин катнашы 79 пайыз деп белгиленген.

Ирандын Фарс кабар агенттиги Ирандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хүсейин Жабири Энсари Сириянын келечеги тууралуу Сирия калкынын гана чечим чыгара аларын баса белгилегенин билдирген. Жумалык пресс – жыйынында Сириядагы ок атууларды тоткотуу жана Аравиянын тышкы иштер министрлигинин Б планынан сөз кылуусуна токтолгон Энсари ок атууларды токтотуудан бери эки күн өткпөстөн кээ бир аймактык актерлордун Б планынан сөз кыла баштаганын, мунун ок атууларды токтотуу тууралуу олуттуу эмес экендерин көрсөткөнүн белгиледи.



Тектеш кабарлар