Дүйнөлүк басма сөз 24. 02.2016

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

438310
Дүйнөлүк басма сөз 24. 02.2016

Аль Жазира веб сайты премьер – министр Ахмет Давутоглунун Аль Жазиранын кызматкери Ел Шаялдын суроолоруна жооп бергенин билдирген. Анкарадагы жардыруудан кийин кол салуунун жооптууларынын «эсеп берерин» айткан Давутоглу : «Качан жана кандай болоруна биз чечим чыгарабыз»,- деди. Сирияга аскердик кийлигишүү тууралуу сороого : «Арап өлкөлөрүнүн бизди колдой турганынын гарантиясын ким берет»,- деп жооп берди жана Түркияны коркута турган бир абал жаралса эч кимден уруксат албастан жана эч кимден жардам сурабастан болорун айтты.

Англис Таймс гезити Европа полиция уюму Europolдун отчетуна караганда өткөн жылы адам соодагерлеринин өткөн жылы 4,6 милиард евро акча тапканын билдирген. Гезит 2016 – жылы 100 миңден ашуун качкындын мыйзам тышы жолдор менен Европага киргенин, 400гө жакынынын да Европага баратып жолдо каза болгонун кабарлаган. Europolдун билдиргенине караганда өткөн жылы Европага барган качкындардын 90 пайызы адам соодагерлеринин жардамы менен барган.

«Америка үнү» радиосу Сириялык качкын балдарга билим берүү мүмкүнчүлүгү Сириядагы жарандык согуштан качып Түркияга баш калкалагандардын саны 2 миллиондон ашып, бул сандын маанилүү бир бөлүгүн мектеп жашындагы балдардын түзгөнүн билдирген.

Түркияга баш калкалаган мектеп жашындагы балдардын билим алуусу үчүн билим берүү министрлигине караштуу бир топ мектеп сириялык балдарга бөлүндү.

Стамбулдун Фатих районунда атайын бөлүнгөн мектепте билим алган сириялык балдар арапча, түркчө, англисче, математика, илимий жана социалдык билим алышууда. 45 окуучу билим алып жаткан мектепте жуманын аягында гана билим берилүүдө.

Немис «Reutlinger General-Anzeiger» гезити «Кайрадан кол салуу толкуну келе жатабы» деген макаласында Солинген кол салуусунун кабарчысы болуп саналган Хойерсверд окуяларына токтолгон. Хойерсвердде качкын жана чет элдик душманы болгон окуялар 1991 – жылы 17 – сентябрда башталган, коопсуздук күчтөрү окуяларды текшерүүгө ала албагандыктан качкындар башка бир шаарга жиберилген. Хойерсверддеги окуялардан кийин 1992 - жылы Росток – Личтенхаген окуялары жана 3 түктүн өлүмү менен бүткөн Мёлнер кыргыны, 1993 - жылы болсо 5 түрк каза болгон Солинген апааты болгон.



Тектеш кабарлар