Дүйнөлүк басма сөз-28.01.2016

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

425485
Дүйнөлүк басма сөз-28.01.2016

АКШ CNN: Премьер-министр Ахмет Давутоглу CNNге берген маегинде, Орусиянын көп жылдар бою Сирияга тышкарыдан кийлигишүүгө каршы турганын, ал эми азыр абдан терс түрдө бул өлкөгө өзү кийлигишкенин, чындыгында Сирияны басып алганын айтты. Давутоглу: «Орусиянын ушул убакка дейре жүргүзгөн бардык операцияларынын 90 пайызында жарандар бутага алынды, өзгөчө Идлиб, Халеб, Азез жана Латакиядагы жөнөкөй оппозициячылдар бутага алынды. Мектептер жана ооруканалар бомбаланды. Булардын бардыгын билебиз, ал эми орустардын бомбалоосунан качкан жаралуулар Түркияга баш калкалоодо. Орус операцияларынын жалгыз 10 пайызы ДЕАШты бутага алды. Бириккен Улуттар Уюмунун беш туруктуу мүчөсүнөн бири болгон Орусия албетте башкалары сыяктуу тынчтык процессине салым кошо алат эле. Ошондой эле Орусиядан сириялык жарандарга урмат-сый көрсөтүлүшүн жана жарандарды Түркия чек арасына түртпөшүн күтүүдөбүз»-деп айтты.

Кыргызстан Бишкек, «Кабар» маалымат агенттиги: Түркиянын борбор шаары Анкарада КР Түркиядагы элчилиги, Түркиянын соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдиги, КР Соода өнөр жай палатасы жана Кыргызстан достук жана маданият коому тарабынан Түркия-Кыргызстан инвестиция жана иш форуму өткөрүлдү. Элчи Ибрагим Жунусов форумдагы сөзүндө Кыргызстандын Евразия экономикалык Биримдигине кошулуусу эске алынганда жаңы шарттардагы Кыргыз-түрк соодалык жана экономикалык карым-катнаштарынын мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциясын баса белгиледи. Түркиянын бажы жана соода министри Бүлент Түфенкчи жана Түркиянын соода-өнөр жай палаталарынын төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу да өз сөздөрүндө, түрк ишкерлерин кыргыз өнөктөштөрү менен өнөр жана соода тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө чакырышты.



Тектеш кабарлар