Дүйнөлүк басма сөз-23.09.2015

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия.

391465
Дүйнөлүк басма сөз-23.09.2015

Германия - Фокус:
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Түркиянын террор менен күрөшүүдө аскердик шериктештиктен кеңири масштабдуу колдоо талап кылбай турганын ойлогонун айтты. Столтенберг: «Түркиянын абдан күчтүү армиясы жана абдан күчтүү коопсуздук күчтөрү бар. Ушул себептен кыйырда аскердик колдоо көрүнбөйт»-деди. Йенс Столтенберг бүткүл өлкөлөрдүн өзүн коргоо укугу болгонун, Түркиянын да террордук кол салууларга каршы өзүн коргоо укугу болгонун, ал эми көрүлгөн чаралардын ченемдүү болушу жана араздашуунун кересиз түрдө күчөтүлүшүнө жол бербөөсүнүн маанисин баса белгиледи.
Англия – Индепендент:
Сириянын түндүгүндө согушкан күрт топтор, Түркия чек арасындагы акыркы байкоочу жайы болгон Жераблустан ДЕАШ террор уюмун чыгара ала тургандары темасында өзүнө ишенет. Ушундай ийгилик, чет өлкөлүк согушкерлердин Сирияга агымын татаалдаштырат. ДЕАШ Эркин Сирия армиясынан тартып алган Жераблуста жашаган калк, Сириянын түндүгүндөгү куралчан күрт топтордон Эвфрат дарыясынан өтүп шаарды каратуу чакырыгын салууда. Мындай кылса бул жеке эле күрт калкынын пайдасына болбойт. Жергиликтүү калк Жераблуста жашагандардын 1 пайызы гана күрт экенин жана мунун аймактагы көпчүлүктү түзгөн суннит арабдардын да пайдасына болоорун айткан.
Иран-ИРНА:
Сириянын түндүгүндөгү күрт топтордун катчысы, Сирияга чет элдик күчтөрдүн жана өзгөчө түрк күчтөрүнүн жиберилүүсү боюнча аракетке шилтеме кылып: «ДЕАШ менен күрөшүүдө чет өлкөлүк кургактык күчтөргө муктаждыгыбыз жок, абадан жүргүзүлгөн операциялар дагы олуттуу жасалышы зарыл»-деп айтты.
Эрбилде ИРНАнын кабарчысына кайрылган катчысы, Сирияда чет өлкөлүк күчтөр болгонун төгүнгө чыгарып, Сирияда арабдардан тартып күрттөргө чейин жана башка калктарга чейин, террор уюмунун кандай экенин билишет жана террористтерди жок кылуу үчүн өздөрү шымаланып киришкенин айтты.
Германия- DPA:
Германиянын канцлери Ангела Меркель качкындар саясаты жана ЕБнин тышкы чек араларынын коопсуздугунун сакталышы сыяктуу маселелерде Түркия менен жакын кызматташтык кылууну жактаганын сөз кылды. Меркель: «Түркиянын жардамы болбостон бул темада ийгиликке жетишилбейт»-деди.
Англия-РОЙТЕРС
АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Жон Керри, келээрки эки айда баш калкалоочу санынын жыл сайын 15 миңден көбөйтүлүп олтуруп 2017-жылы жалпы сандын 100000ге жеткириле турганын белгиледи. Керри жарыялаган бул сандын Европага-өзгөчө Германияга кеткен жүз миңдер менен салыштырылганда аз болсо да бул билдирүүлөр, АКШнын сириялыктардын тобу менен көчүүсүнө чечим табууга көбөйүп бараткан ыктыярдуулугун ортого салууда.
Керри алына турган баш калкалоочулардын канчасынын Сириядан боло турганын билдирген жок, бирок АКШнын жардам берүүгө даяр болгонун айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар