Дүйнөлүк басма сөз-16.09.2015

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу берилген маалыматтар.

350740
Дүйнөлүк басма сөз-16.09.2015

Япониянын «Майнити симбун» гезити, «1890-жылы Вакаяманын Кушимото сууларында түрк согуштук кемеси «Эртугрул» фрегаты кырсыкка учурашынын 125 жылдыгы болгон 16-сентябрда кырсык болгон аймакка жакын жердеги эстеликтин алдында эскерүү иш-чарасын өткөрдү. Түркиянын толук ыйгарымдуу элчиси Ахмет Бүлент Мерич жана шаардын мэри Тадзима Катсуманын катышуусу менен өткөн аземде эстеликке гүлчамбар коюлуп, каза болгондор эскерилди. Элчи Мерич кайтып баратканда бороон чапкынга кабылып чөккөн экипаждагы 500дөн ашуун кишиге көрүстөн болгон «Эртугрул» фрегаты эки өлкөнүн ортосунда учурубузга чейин жеткен байланыштарды курду», деп жазган.
Катардан «Ал Жазира»: «Түркиянын Түштүк Чыгышындагы Диярбакыр облусунда орун алган күрт бейөкмөт уюмдары өлкөдө тынчтык чөйрөсүн камсыздоону каалап куралдарды жана зомбулукту таштоосу үчүн террор уюуму ПККга чакырык салганын. Чакырык салган мекемелер коркутууларга дуушар болгонуна карабастан шаарда нааразылык акцияларын улантканын. Булардын бардыгы ПККнын коопсуздук күчтөрүнө кол салуусу жана түрк армиясынын өлкө ичиндеги жана тышындагы террорист буталарын бомбалап жаткан убакта болгонун билдирген».
Болгариядан «Преса», «800 чамалуу баш калкалоочу, Стамбулдан Эдирнени көздөй жөө жөнөдү. Баш калкалоочулардын көбү сириялык. Болгария жана Грециянын чек арасына жетүүнү каалаган баш калкалоочулар, бул жерден да Европага өтүүнү пландап жатат, бирок түрк коопсуздук кызматкерлери Стамбулдун автовокзалынан билет алып чыгуусуна уруксат берген жок. Ушул себептен баш калкалоочулар жөө чыгууну тандашты», дейт.
Блумберг АКШ: «Түркиянын Эл аралык Валюта Фондундагы өкүлү Ибрахим Чанакчынын Түркиянын финансы базарларындагы чыңалуунун убактылуу болгонун жана саясий абал менен АКШнын акча саясатын шыктандыруусу темасындагы белгисиздиктердин бүтүшү менен бул чыңалуунун азая турганын айтканын», белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар