Түрк басма сөзү-21.05.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

283700
Түрк басма сөзү-21.05.2015

«Йени шафак» гезити «Исламий борбордук банкын куруудабыз» аттуу макаласында дүйнөдөгү бардык катышуучу банктар бир чатырдын астына чогултулуп Исламий борбордук банкынынын жол картасы белгилүү болгонун жазган.
Гезит вице-премьер Али Бабажан сүйүнчүсүн берген данек мекеменин негизги өнөктөштөрү болгон Түркия, Индонезия жана Ислам өнүгүү банкы боло турганын маалымдаган. Анда Бабажандын Түркиянын алгачкы кадамда 300 миллион доллардык капиталды камсыздай турганын айтканы жана Чоң жыйырмалыкка мүчө өлкөлөр да пайызсыз каржы колдоосун кыла турганы маалым болду.
«Стар» гезити «Автомобилдердин шоу көрсөтүүсү башталууда» деген маалыматында автомобиль сүйүүчүлөр кызыгып күткөн Автошоу-2015, 22-31-май күндөрүнүн арасында Стамбулдагы Түяпта өтө турганы белгиленген. Гезит өндүрүш, экспорт жана сатуулар менен жылды ылдам баштаган автомобиль сектору жаңы моделдерин көрүүчүлөрдүн назарына сунуштай турганын маалымдаган. Жарманкеде экөө дүйнөлүк ачылыш болгон 27 жаңы модель Түркияда алгач ирет таанытылат. 14 зал жана бардыгы 120 миң чарчы метрдик үстү жабык аянтта өткөрүлө турган автошоу-2015те укмуштар жергеси концепти менен автомобиль сүйүүчүлөр дүйнөнүн жаңы укмуштары болгон акыркы моделдеги автомобилдер менен таанышат.
«Хабер түрк» гезити «Түркияда 1184 жерден деңизге кире аласыздар» аттуу маалыматында Саламтаттык сактоо министрлиги Түркиянын деңиз жана көлдөрүнө жээктеш 34 областында суулардагы бактерияларды анализдеп чыкканы билдирилген. Анда толук 1184 жердин сууга түшүүгө ылайыктуу болгондугу жана суу аянттарынын сапаты жакшы экендиги байкалганы орун алган. Ошол анализдердин жыйынтыгында пляждар толук баа алышты. Түркиядагы сүзүлсө боло турган аянттар тууралуу http://yuzme.saglik.gov.tr адресинде түрк, англис, немис, француз, испан, орус жана италян тилдеринде жарыяланган маалыматтарды окуй аласыздар.
«Сабах» гезитинде жарык көргөн «1915-жылдагы окуяларды киного айландырат» аттуу макалада жалган армян дооматтары күчөгөн ушул убакта режиссер Исмаил Гүнештин «Кербен-1915» аттуу кино тасма тарта турганы маалымдалган. Анда Гүнештин 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу: «1-Дүйнөлүк согушта бүтүндөй улуттар бири-бирилери менен согушту. 16 миллиондой адамдын өмүрү кыйылды. Булардан 3 миллион чактысы осмондуктун мусулман калкы болчу. Анда болгон окуялар мусулмандар үчүн дагы, христиандар үчүн дагы трагедия болуп эсептелет»-деп айтканы орун алган.
«Миллийет» гезити «Элиф Урас АКШда Изник фарфорун көргөзмөгө коет» аттуу маалыматында искусство чебери Элиф Урас АКШда Aldrich модерн искусство музейинде ачылган жеке өзүнө таандык көргөзмөдө Изник жана Изник фарфорунан пайдаланып чыгарган чыгармаларды көргөзмөгө коюп жатканын баяндаган.
Гезит чебердин көргөзмө залын чорголор, чоң дубал панелдери сыяктуу жайгаштыруулар менен жабдый турганын жана чорго менен тынбай агып турган суу Изник көлүн, айланасындагы берекелүү жерлерди жана суунун жаратуучулугун чагылдырып турганын маалымдаган. Көргөзмөдө зайтын чогулткан аялдарды түшүндүргөн вазалар да бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар