Түрк басма сөзү-17.05.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

278381
Түрк басма сөзү-17.05.2015

«Стар» гезити «Иш дүйнөсү 7-июндан баштап күүлөнөт» аттуу маалыматында базарлар ырааттуулуктун улана турганын көздөп жатышат, инвесторлор да сатып алып жатканда шайлоодон кийинки ырааттуулукка оң карап жатышканын баяндаган.
Гезит ишкерлер жана инвесторлор акыркы жылдарда жетишилген экономикалык жана саясий ыраттуулуктун шайлоодон кийин өсүүгө оң багытта таасир эте турганын ойлогонун белгилеген. Анда Анкара өнөр жай палатасынын төрагасы Нуреттин Өздебир: «Шайлоодон кийин ишибизди дагы терең жүргүзөбүз»-деп айтса, «Зорлу» холдингдин башкаруу кеңешинин төрагасы Ахмет Назиф Зорлу: «Иштер калыбына келүүдө, ырааттуулук абдан маанилүү»-дегени орун алды. Гезитте ошондой эле «Кибар» холдонгдин башкаруу кеңешинин төрагасы Али Кибар күтүлгөн инвестициялар процесске кире турганын айтканы маалымдалды.
«Йени шафак» гезити «Туруктуу даңаза» аттуу маалыматында быйыл ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурстарынын убактылуу тизмесине кирген "Аспендос" байыркы шаарынын туруктуу тизмеге кириши максатталганын белгилеген.
Гезит Антальянын Серик районунда орун алган байыркы шаардын чөйрөсү ЮНЕСКОнун критерийлерине жараша курулуп жатканын, б.з. 2-кылымында римдиктер тарабынан салынган "Аспендос" анфи театрынын учурбузда концерттер жана иш-чаралар үчүн пайдаланылып жатканын, бул анфи театрдын эң жакшы сакталган тарыхый эстеликтердин катарында турганын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Тако үчүн түрктөргө ырахмат айткыла» деген маалыматында Швецияда чыккан «Метро» гезити, Мексиканын салттуу тамагы «Таконун» түрктөргө таандык болгонун жактады.
Гезит 14-15-кылымдарда Ортоңку чыгышта өкүмдүгүн сүрдүргөн Осмондукка таандык «Шавурма» тамагынын, Мексиканын салттык тамагы «Тако ал пастор» деген ат менен атагы чыкканын белгиледи. Гезит жыйырманчы кылымдын баштарында орто эсеп менен 36 миң кишинин Осмон жерлеринен Мексикага көчкөнүн жана бул кишилер аркылуу Мексиканын Осмон тамагы менен таанышканы божмолдонгонун маалымдаган.
«Ватан» гезити «Көңүл ачуунун жетекчилери Виалендде жолугушууда» деген маалыматында Эл аралык көңүл ачуучу сейил бактары жана көздөлгөн жерлери биримдиги (IAAPA) Европада 21-22-майда жылдык Европа жаз форумун Стамбулдагы Виалендде уюштура турганын баяндаган.
Гезит Форумга Париждеги Диснейленд сыяктуу дүйнөгө таанымал атактуу көңүл ачуу борборлорунун жетекчилери катыша турганын жазган.
«Сабах» гезити «2016-жылы Стамбул Парижден озуп өтөт» деген маалыматында чөйрөдөгү өлкөлөрдө болуп жаткан кыйынчылыктарга карабстан Түркияда туризмдеги өнүгүүлөр оң багытта баратканын белгилеген. Гезит дүйнө туризм уюмунун эң чоң турист кабыл алган өлкөлөр тизмесинде Түркия алтынчы орунда турганын баяндаган. Гезит Түрк аба жолдорунун дүйнөдө эң көп жерге катташы жана виза жеңилдиги да туризмге оң таасир тийгизгенин, Стамбул менен байланышкан каттамдарда 1,5 миллиондук түнөп кетүү санына жетилгенин, дүйнөнүн эң чоң аэропорторунун салынышы менен бул сан дагы да арта турганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар