Дүйнөлүк басма сөз 21.01.2015

Дүйнөлүк басма сөздө Түркия тууралуу маалыматтар

192300
Дүйнөлүк басма сөз 21.01.2015

Англиянын Ройтерс агенттиги «Израилдин провакациялары» деген маалыматында премьер – министр Aхмет Давутоглу Жакынкы Чыгышта тынчтыктын жана ашыкча кеткен группаларды жок кылуунун Палестина мамлекети түзүлбөстөн мүмкүн эмес экенин айтты.
Давутоглу терроризмден израилдик кесиптеши Беньямин Нетаньяхуну жооптуу деп жана мусулман дүйнөсүндөгү радикалдашууда Израилдин Газаны бомбалоосу сыяктуу «провакацияларынын» таасиринин бар экенин айтты.
Премьр - министр Давутоглу айрыкча маселенин негизги себебинин мамлекет башчысы Бешар Асаддын «каардуулугу» экенин айтып эл аралык коомду Сириядагы келишпестикти соңуна чыгаруу аракеттеринде бир гана ИШИМ террористтери менен согушпаганы боюнча эскертти.
Англиянын «Ел Шарк Ел Евсат» гезити «Анкара менен Кувейттин арасында координация» деген маалыматында Кувейттин премьер - министринин биринчи орун басары жана тышкы иштер министри Шейх Сабах ел - Халид Ал Сабах, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен биргелеше пресс – жыйын өткөрдү.
Пресс - жыйынында сөз сүйлөгөн Ел Сабах Түркиянын Палестина мамлекетинин курулушуна жана террор менен күрөшүүгө жардам берүү сыяктуу темаларда турмуштук ролунун бар экенин баса белгиледи.
Мевлүт Чавушоглу болсо өлкөсү менен Кувейттин ортосундагы саясий карым – катнаштардын абдан жакшы экенин жана аймактын тынчтыгынын түзүлүшүндө Кувейттин ролунун маанилүү экенин баса белгиледи. Чавушоглу бул карым – катнаштардын экономикага да чагылуусу керектигин айтты. Чавушоглу эки өлкөнүн ортосунда соода көлөмүнүн 2013 - жылы 600 миллион доллардан ашканын белгиледи. Аймактагы саясий абалга токтолгон Чавушоглу башта ИШИМ уюму болуу менен аймактын коопсуздук жана ырааттуулугун коркуткан бир топ элементтин бар экенин белгилеп жана уюмга каршы туруу үчүн аймак өлкөлөрүнүн ортосунда кызматташтыктын түзүлүшүнүн маанисин баса белгиледи.
Ирандын ИРИБ интернет сайты Ирак - Түркия кызматташтык келишими» деген маалыматында Ирак менен Түркиянын кызматташтык келишимине кол койгонун билдирген.
Ирактын тышкы иштер министрлигинен жасалган маалыматта Багдатта Ирактын тышкы иштер министри Ибрахим Жафери жана энергия жана жаратылыш булактары министри Танер Йылдыздын жетекчилигинде чогулган Ирак – Түркия экономикалык кызматташтык комиссиясынын жыйынында ар башка тармактарда кызматташтык келишимдерине кол коюлганы белгиленди.
17- кезектешкен аралаш экономикалык комиссиясынын жыйынына катышуу үчүн Багдатка барган Танер Йылдыз жыйындан кийин Ибрахим Жафери менен өткөргөн пресс - жыйында өлкөсүнүн Багдаттын да бекитүүсү менен Ирак коопсуздук күчтөрүн машыктырууга даяр экенин белгиледи.
Йылдыз Ирактын премьер – министри Хайдар ел Абади менен да жолугушту. Жолугушууда ел Абади менен Багдаттын ортосунда келишпестик тууралуу маселелер жана өзгөчө нефть жана суу тармактарындагы маселелердин чечилүүсүнүн жана тараптар кабыл ала турган кенен масштабдуу келишимдин түзүлүшү үчүн ылайыктуу жол картасынын түзүлүшүнүн шарт экенин белгиледи.

 



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар